Эрдоган Чоң жыйырмалыктын саммитинин алдында бүтүндөй дүйнө жүзүнө кайрылды

Президент Эрдоган Кытайга аттанаар алдында күн тартиптеги окуяларга байланыштуу билдирүүлөрдү айтты.

563602
Эрдоган Чоң жыйырмалыктын саммитинин алдында бүтүндөй дүйнө жүзүнө кайрылды

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Эч ким бизден түштүк чек араларыбызда террордук коридор түзүүгө уруксат беришибизди күтпөсүн, уруксат бербейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган Кытайга аттанаар алдында күн тартиптеги окуяларга байланыштуу билдирүүлөрдү айтты.

Чоң жыйырмалыктын саммитинин алдында бүтүндөй дүйнө жүзүнө кайрылган Эрдоган, Түркиянын түштүк чек араларында ишке ашырылуусу каалангандарга уруксат бербей тургандарын дагы бир жолу сөз кылды.  

Акыркы күндөрдө батыштагы айрым чөйрөлөрдүн билдирүүлөрүнө таң калгандыгын айткан Эрдоган: «Жераблустагы ДЕАШка каршы операциялар айрымдарын тынчсыздандырды, муну түшүнүү мүмкүн эмес. Биз Түркия катары, мамлекет катары армиябыз менен өлкөбүздүн жана аймактагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган айрым террордук уюмдардай Жераблуска жайгашуу сыяктуу ниеттеринин болбогонун, мунун эң маанилүү көрсөткүчүнүн аймак элинин кубанычында көрсө болоорун айтты.

Президент Эрдоган Европа өлкөлөрүнүн Сириядагы отту өчүрбөстөн «түтүнү бизге келбесин» деген аракеттерин да баса белгилеп өттү.

 



Тектеш кабарлар