Түркия АКШны абайлап сүйлөөгө чакырды

Чындыгында Түркия жана коалициялык күчтөр ДЕАШка каршы бирге күрөшүүдө...

562119
Түркия АКШны абайлап сүйлөөгө чакырды

Түркия, Сириянын Жераблус аймагында уланып жаткан «Эвфрат калканы» операциясына байланыштуу АКШнын ачыктоолоруна катуу каршылык көрсөтүп, Вашингтон бийлигине эскертүүсүн кылды.

Американын Коргоо министрлигинин Сирияда террор уюму ДЕАШ орун алган жерлердеги кагылышуулардын "кабыл алынгыс" болгону жөнүндөгү жарыясына карата каршылык Тышкы иштер министрлигине чакыртылган Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жон Басска айтылды.

Кеңешчи Феридун Синирлиоглу Министрликте кабыл алган элчи Басска америкалык жооптуу кызматтагылардын «Эвфрат калканы» тууралуу сөздөрүнүн кабыл алынгыс болгонун билдирди.

Басска айрыкча өлкөсүнүн жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын Эвфрат дарыясынын чыгышына чегине турганы жөнүндөгү убадасын актарышы керектиги боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар