Эрдоган Индиянын премьер-министри Моди менен сүйлөштү

Индиялык министр, Түркиянын эскертүүлөрүн эске алгандарын айтты

561456
Эрдоган Индиянын премьер-министри Моди менен сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин жана акыркы террордук кол салууларды айыптаган Индиянын премьер-министри Моди, Түркияга тилектештик көрсөткөндөрүн баса белгиледи.

Нарендра Моди сүйлөшүүдө, демократияны коргоп калганынан улам бүтүндөй түрк элин куттуктады.

Президент Эрдоган, Индияны жана башка дос өлкөлөрдү ФЕТӨ тууралуу эскерткендерин түшүндүрдү.

Индиянын премьер-министри Моди Фетуллахчы террор уюмуна байланыштуу Түркиянын эскертүүлөрүн эске алгандарын жана керектүү кадамдарды таштай тургандарын белгиледи.

Президент Эрдоган менен Индиянын премьер-министри Моди келээрки айда Кытайда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде бетме-бет сүйлөшүү боюнча да макулдашышты.



Тектеш кабарлар