Дүйнө жүзүнө жардам жеткирген Түрк Кызылайын Эрдоган кабыл алды

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык, Кызылайдын Жераблус жардамдары темасында президент Режеп Таййип Эрдоганды маалыматтандырды.

560639
Дүйнө жүзүнө жардам жеткирген Түрк Кызылайын Эрдоган кабыл алды

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык, Кызылайдын Жераблус жардамдары темасында президент Режеп Таййип Эрдоганды маалыматтандырды.

Президент Эрдоган Керем Кынык менен Кызылайдын башкаруу жана текшерүү кеңешинин мүчөлөрүн Стамбул Тарабиядагы Хубер сарайында кабыл алды.

Кынык, басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуудан кийин журналисттерге берген маалыматында кечээ Кызылайдын жардамдарын Сириянын Жераблус аймагына жеткиргендерин эске салып, аймактагы акыркы абалды жана адамзат абалы тууралуу Эрдоганга маалымат бергендерин айтты.

Эрдогандын үй-бүлөсүнүн курмандыкка чалуу милдеттендирүүлөрүн Кызылайга бергиси келгенин айткан Кынык: «Мына ошол милдеттенмелерди алдык. Ал өзү курмандыкка чалууларынын өзгөчө Жераблуста, Халебде, Түркмөн тоолорунда, сел апаатынын себебинен кыйын күндөрдү өткөргөн Македониянын Скопье аймагында, Сомалиде, Палестина жана Газада, чет өлкөлөрдө болушун каалады жана милдеттендирүүсүн бизге берди»,-деди. Кызылайдын Сириянын түндүк багытында жана өзгөчө кыйынчылыктуу аймактарга карата чек арадан ашкан жардамдардын уланып жатканын баса белгилеген Кынык, Эрдогандын Жераблустун жаңы гуманитардык коридор жолунун түзүлүшүнө байланыштуу буйрукту да бергенин баса белгиледи.

Кынык: «Биз да ушул алкакта өзгөчө Эл-Баб жана Халебге жете турган бул багытты гуманитардык коридор катары колдонуу үчүн даярдык көрөбүз»,-деди.

Кынык, Жераблус аймагында Кызылайдын кыймылдуу ашканасынын күнүгө 5 миң кишиге эртең менен, түштө жана кечинде тамак бергенин белгилеп, 3 күндөн бери азык-түлүк жардамдары да уланып жатканын билдирди.  Жардамдардын өзгөчө Жераблуска кайткан Жераблустун мурдагы тургундарына, ал жерге жаңы жеткендерге күнүмдүк азык-түлүк муктаждыктарынын, майрамдык кийим кечелеринин, саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн берилиши сыяктуу көп жактуу камсыздалып жатканын түшүндүрдү.

Кынык: «Учурда Жераблустун бардык тургундарына жете турган шашылыш жардамды Кызылай топторубуз ичкериде берет»,-деди.

Кынык, Эрдоган менен Курман айт процессинде Газага жибериле турган экинчи жардам кемесин да жүктөгөндөрүн сүйлөшүп, биринчи жардам кемесинин кандай таркатылганын, Палестиалыктар багытында кандай кабыл алынганын Эрдоганга түшүндүргөндөрүн белгилеп кетти.

Керем Кынык Курман айт майрамында Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башчылыгы AFAD менен бирге Сомали жана Эфиопияга экинчи кемени да бир убакта жөнөтө тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар