Эрдоган Бахрейндин королун тосуп алды

Түркия менен Бахрейн королдугунун ортосунда 5 тармакта келишим жана кызматташуу протоколуна кол коюлду.

559598
Эрдоган Бахрейндин королун тосуп алды

Президент Режеп Тайип Эрдоган кечээ Анкарага келген Бахрейндин королу Иса Бин Салман Халифаны салтанаттуу азем менен тосуп алды.

Президент Эрдоган Аль Халифаны Президенттик комплексинин протокол каалгасында тосуп алды.

Эрдоган менен Аль Калифа азем аянтындагы ордуна тургандан кийин эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылды.

Андан соң Бахрейн королу аянттагы аскерлер менен түркчө саламдашты.

Эрдоган менен Бахрейндин королу протокол каалгасында фотосүрөткө түшкөндөн кийин бетме-бет жолугушууга өттү.

Сүйлөшүүдөн кийин делегациялар аралык жолугушуулар болду.

Түркия менен Бахрейн королдугунун ортосунда 5 тармакта келишим жана кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Юнус Эмре институту менен Бахрейн университетинин ортосунда кызматташуу келишимине болсо Юнус Эмре институтунун төрага орун басары профессор Шереф Атеш менен Бахрейндин тышкы иштер министри шейх Халид бин Ахмед бин Мухаммед аль Халифа тарабынан кол коюлду.



Тектеш кабарлар