Байден:«Кечирип коюңуз, мурда эле бул жерге келсем болмок»

Байден менен Эрдогандын жолугушуусунда, Байдендин кечирим сураганы.

559767
Байден:«Кечирип коюңуз, мурда эле бул жерге келсем болмок»

«Кечирип коюңуз, мурда эле бул жерге келсем болмок».

Бул сөздөр 24-августта Анкарага келген АКШнын вице-президенти Жо Байденге таандык.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Президенттик комплексине барып жолуккандан кийин  биргелеше маалымат жыйын өткөрүүсүндө сөз сүйлөгөн байден, президент Эрдогандын жашаган мейманканасын да тик учар менен курчаганы келишкенин жана Эрдогандын үй-бүлөсү менен 15 мүнөт мурда чыгып кутулганын эске салып, «Бир Американын аскердик тик учары биздин президентти үй-бүлөсү менен эс алып жатканда курчоого алганы келсе эмне болот эле?-деп ой-жүгүртүүгө аракет кылуудамын»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы менен катар көп сандаган киши менен жолугушуу жана Комплекске баратканда иамарттын алдына болгон кол салуунун издерин көрүү мүмкүнчүлүгүн тапканын түшүндүргөн Байден, Түркияда бир топ киши туш болгон кризистерге каршы дүйнө жүзүнүн колдошууну көрсөтүүдө кечиккенин ойлошу мүмкүн экенин айтты.

Мына ушул себептен Түркияга келгенин, президент Обаманын муну атайын суранганын белгилеген Жо Байден, «Сизге жана өлкөдөгү бардык жарандарга канчалык капалуу болгонумду айткым келет. Муну ачык жана так түрдө ортого салгым келет. АКШ, шериктешибиз Түркияны колдоодо. Биздин колдообуз так болуп эсептелет жана эч качан тайсалдабайбыз. Бул төңкөрүш аракети жалгыз эле Түрк өкмөтүнө эмес, Түрк калкына карай кол салуу эле жана бул өлкөдөгү эң маанилүү баалуулуктарга жасалган, абдан көп зомбулукту камтыган чыккынчылык болду. Булар кичине бир топ, чындыгында коргогон адамдарына кызмат кылуу антын ичкен топ эле. Биз АКШ жана Америка калкы катары шериктештерибизди ар дайым колдойбуз»,-деп айтты.

Байден төңкөрүш аракетинен кийин дароо Түркияга келе албаганы үчүн , «Америка калкы сизди колдойт. Барак Обама алгачкылардан болуп телефон чалды. Кечирип коюңуз, мурда эле бул жерге келсем болмок»,-деп айтты.

 

 



Тектеш кабарлар