Жо Байден социалдык медиа аркылуу Түркия менен тилектештигин билдирди

Жо Байден эртең өткөрө турган Анкара сапарынан мурда социалдык медиадан Түркия менен тилектештигин билдирди

557660
Жо Байден социалдык медиа аркылуу Түркия менен тилектештигин билдирди

АКШнын вице – президенти Жо Байден эртең өткөрө турган Анкара сапарынан мурда социалдык медиадан Түркия менен тилектештигин билдирди.

Байден социалдык медиа эсебинен берген маалыматында террордук кол салууларга каршы Түркия менен тилектешик ичинде экендерин айтып Түркияга келерин билдирди. Газинатептеги террордук  кол салууга токтолгон Байден бир баланы колдонуу менен тойго жасалган кол салууда көпчүлүгү балдар болгон көп сандаган кишинин каза болгондугун жана жаралангандыгын белгилеп : «Түрк союздашыбыздын жанындабыз»,- деди. Байден : «Бул жумада трагедиялуу кол салуулар жана козголоң кыймылынан кийин Американын түрк калкы менен тилектештигин баса белгилөө үчүн Анкарага бара жатабыз»,- деди.

АКШнын вице – президенти Жо Байден эртең Анкарага жасай турган сапарында биринчи болуп Түркия Парламентинин спикери Исмаил Кахраман менен басма сөзгө жабык сүйлөшүү өткөрөт. Андан кийин 15 -  июлдагы козголоң кыймылында бомбаланган парламент имаратын кыдырат.

Чанакая сарайында премьер – министр Бинали Йылдырым менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрө турган Жо Байден акыркы болуп президент Р. Т. Эрдоган тарабынан президенттик комплексинде кабыл алынат. Президенттик комплекске бара турган биринчи АКШ лидери боло турган Байден Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Басма сөзгө жабык өтө турган бул сүйлөшүүдөн кийин Байден кечки сааттарда Түркиядан кетет.



Тектеш кабарлар