Газиантептеги террордук кол салуу тууралуу дүйнөнүн төрт тарабынан көңүл айтуулар келүүдө

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы террордук кол салуунун максатынын Түркияны хаоско жана ыраатсыздыкка жетелөө экендигин айтты

556275
Газиантептеги террордук кол салуу тууралуу дүйнөнүн төрт тарабынан көңүл айтуулар келүүдө

Газиантепте 50 киши каза болгон террордук кол салуу тууралуу дүйнөнүн төрт бурчунан көп сандаган айыптоо жана көңүл айтуулар келүүдө.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы террордук кол салууну айыптады. Акынжы бул адамзаттык тышы кыймылдын максатынын Түркияны хаоско жана ыраатсыздыкка жетелөө экендигин айтты.

АКШнын элчиси Жон Басс Газиантептеги террордук кол салууну айыптап : «Кечээ кечинде Газиантепте болгон жана күнөөсүз жарандарды бутага алган кол салууну айыптайбыз. Союздашыбыз Түркиянын жанында болуп, орток террор коркутуусун жеңүү үчүн бирдикте иштөөнү улантууга убада беребиз»,- деди.

Англиянын Анкарадагы элчиси Ричард Мур  твиттер эсебинен кол салууну айыптап : «Кооз Газиантептеги коркунучтуу кол салуудан кийин кайгылуу үй – бүлөлөргө көңүл айтып, жаралууларга шыпаа тилейбиз. Бул террордук кол салууну жана акыркы мезгилдердеги бардык ПКК кыргындарын толугу менен айыптаймын. Бириккен Королдук Түркия менен терроризмдин бардык түрүнө каршы турат»,- деди.

Франциянын президенти Франсау Олланд Газиантепте болгон террордук кол салууну катуу айыптагандыгын билдирди. Елисей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Президент кечээ кечинде той болуп жаткан учурда эң аз 50 кишинин өлүмүнө жол ачкан террордук кол салууну катуу айыптады. Франция катары түрк жетекчилери жана түрк калкына көңүл айтабыз. Террорго каршы согушкан баарынын жанындабыз»,- деп жазылды. Олланд Газиантептеги террордук кол салууга байланыштуу көңүл айтуусун расмий твиттер эсебинен да бөлүштү.

Орусиянын президенти В. Путин болсо Газиантептеги террордук кол салуу тууралуу президент Р. Т. Эрдоганга көңүл айтты. Кремлден  берилген маалыматка караганда Орусиянын президенти Путин Газиантепте болгон кол салуунун эл аралык коомдун террор менен күрөшүүдө күчтөрүн чыныгы мааниде бириктирүүсү керектигин эскерткендигин белгилеп, «түрк партнерлор менен» террор менен күрөштө кызматташтыкты бардык тарабынан өнүктүрүүгө даяр экендерин баса белгиледи.

Грециянын тышкы иштер министрлиги да Газиантептеги террордук кол салууну айыптагандыгын билдирди. министрликтин твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Террорго каршы түрк калкынын жанындабыз»,- деп айтылды.

Католик ааламынын руханий лидери жана Ватикан мамлекет башчысы Папа Франциск болсо : «Түркияда кандуу кол салуу жасалгандыгына байланыштуу кабар алдым. Кол салуунун курмандыктары, каза болгондор, жаралангандар үчүн дуа кылалы. Баары үчүн тынчтык каалайм»,- деди.

Иорданиянын расмий кабар агенттиги Петрада жарыяланган Иордания өкмөт катчысы Мухаммед ел  - Муменинин билдирүүсүндө да : «Газиантептеги бир тойду бутага алган кол салууну айыптайбыз»,- деп жазылды.

Бахрейндин тышкы иштер министрлигинин Бахрейин маалымат агенттиги БНАда жарыяланган маалыматта болсо террордук кол салуунун Түркиянын коопсуздугу жана ырааттуулугун бутага алгандыгы айтылды.

Катар тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да Түркия республикасы жана калкы менен тилектеш экендиги, өлкөнүн коопсуздугу менен ырааттуулугун коргоого карата аракеттерге  берген колдоо баса белгиленди.

Швеция тышкы иштер министри Маргот Воллстрем : «Түркия менен террорго каршы бардык орток күрөш үчүн кызматташтыкка даярбыз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар