Тышкы иштер министри Керри жана Митов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө биринчи болуп Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн лидери Фетуллах Гүленди тапшыруу процессиндеги акыркы абал каралды

553532
Тышкы иштер министри Керри жана Митов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда сүйлөшүүдө биринчи болуп Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн лидери Фетуллах Гүленди тапшыруу процессиндеги акыркы абал каралды.

АКШнын вице – президенти Жо Байдендин келерки күндөрдө Түркияга жасай турган сапары да сөз болгон башка тема болду.Сүйлөшүүдө айрыкча Мүнбич жана Халептеги абалдар да болуу менен Сириядагы акыркы абалга баа берилди.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу болгарь кесиптеши Даниэль Митов менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар, иретсиз миграцияны алдына алуу жана миграция аянтында казыматташтыкка байланыштуу жагдайлар каралды.



Тектеш кабарлар