Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Акынжы Түркияга келди

Мустафа Акынжы сапарынын 15 -  июлдагы козголоң кыйымылында каза болгондор үчүн  көңүл айтуу үчүн да мүмкүнчүлүк болгондугун айтты

553693
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Акынжы Түркияга келди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди. Президент Акынжы  Анкарага келгенден мурда Эржан аэропортунда берге маалыматында  президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушуу талабын өзү билдиргендигин айтты. Акынжы : «Мындай маанилүү темалар күн тартибинде болгон мезгилде сүйлөшүү бир муктаждык»,- деди.

Мустафа Акынжы сапарынын 15 -  июлдагы козголоң кыйымылында каза болгондор үчүн  көңүл айтуу үчүн да мүмкүнчүлүк болгондугун айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  президенти Анкара сапарында президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Бинали Йылдырым менен ар башка жолугушат. Акынжы Фетуллахчы террордук уюмунун козголоңунда бомбаланган Түркия парламентин зыярат кылып, зыян тарткан жерлерде иликтөөлөрдү жүргүзөт.

 



Тектеш кабарлар