Адилеттик жана өнүгүү партиясы 15 жылдыгын белгилеп жатат
АК партия мындан толук 15 жыл мурда 2001-жылы 14-августта түрк саясат аренасында ордун тапты.
Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия) түзүлгөнүнүн 15 жылдыгын белгилеп жатат.
АК партия мындан толук 15 жыл мурда 2001-жылы 14-августта түрк саясат аренасында ордун тапты.
Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде түзүлгөн партия, ошол күндөн 15 ай өткөн соң 2002-жылы 3-ноябрда шайлоолорго катышты.
АК партия шайлоолордон өзү жалгыз бийликти түзгүдөй добушка ээ болуп чыкты.
Артта калган 15 жылда Түркия саясатына тамгасын бастырган АК партия, бүгүн түзүлгөн күнүн белгилеп жатат.
15-июлда шейит болгондордун урматына быйыл майрамдоо программасы болгон жок. АК партиянын башкы борборунун алдында жөнөкөй иш-чаралар уюштурулду.
Алгач ирет ачык аянтта уюштурулган иш-чарага 5 миңден ашуун расмий чакырылган болгону белгиленди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 11-президент Абдуллах Гүл жана мурдагы премьер-министр Ахмет Давутоглу да иш-чарага чакырылды.
Анда АК партиянын 15 жылдык аңгемесин түшүндүргөн тасма көрсөтүлөт.
Премьер-министр жана АК партиянын башчысы Бинали Йылдырым сөз сүйлөйт.
Президент Эрдогандын жазуу түрүндө маалымат жибериши же телеконференция аркылуу катышуучуларга кайрылуусу күтүлүүдө.