Ирандын тышкы иштер министри президент Эрдоган жана премьер - министр тарабынан кабыл алынды

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф бомбалаган Түркия Парламентин кыдырды

551024
Ирандын тышкы иштер министри президент Эрдоган жана премьер - министр тарабынан кабыл алынды

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зарифти кабыл алды. Ирандык конок кабыл алуудан кийин тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун коштоосунда 15 -  июль күнү түндө Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөсү козголоңчулар бомбалаган Түркия Парламентин кыдырды.

Ошол эле учурда козголоң болгон түн тууралуу айтылгандарды уккан жана парламенттин бомбаланган жана зыян тарткан жерлерин көргөн Зариф  бул тууралуу санаасын да билдирди. Зариф ошол эле окуянын 100 жыл мурда да Иран парламентинин башына келгендигин, ушул себептен Түркияны абдан жакшы түшүнгөндүгүн айтты. Ирандын тышкы иштер министри премьер – министр Бинали Йылдырым тарабынан да кабыл алынды.



Тектеш кабарлар