Түркия - Орусия үчтүк механизми

Түркия делегациясы биринчи жыйын үчүн кечээ Орусияга барды

550807
Түркия - Орусия үчтүк механизми

Түркия менен Орусиянын ортосунда тышкы иштер, чалгындоо жана куралдуу күчтөр өкүлчүлүгү орун алган үч тараптуу механизм кечээ биринчи жолу Саинт Петербургда чогулду. Президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин 9 -  августта Саинт Петербургда өткөргөн жыйынынан  кийин эки өлкөнүн ортосунда Сирия күн тартибин түзгөн үч тараптуу механизмдин курулушуна чечим чыгарылды. Түркия делегациясы биринчи жыйын үчүн кечээ Орусияга барды.

«Известия» гезитине интервью берген Орусия мамлекеттик думасынын коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Водолацкий Москванын орчундуу жыйында оболу Сирия чек арасынын жабылуусу маселесин күн тартибине алып келгендигин айтты.

Водолацкий кечээки жыйындын Путин жана Эрдогандын ортосундагы Сирия диалогунун уландысы экендигин айтып, шейшемби күнкү жолугушууда Сирияда тынчтыктын түзүлүшүнө карата кадамдардын талкуулангандыгын эске салды.

 



Тектеш кабарлар