Түрк - орус иш дүйнөсүнүн жыйыны

Эрдоган жыйында «Түрк агымы» менен Аккуюу атомдук станциясы сыяктуу  проектилердин эң кыска убакытта турмушка ашырыларын белгиледи

549071
Түрк - орус иш дүйнөсүнүн жыйыны

 

Президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн түрк – орус карым – катнаштарына да тескери таасир тийгизүүнү каалагандыгы белгилүү болгондугун айтты. Президент 24 -  ноябрда орус учагынын атып түшүрүлүшүн «кайгылуу окуя» деп мүнөздөп : «Карым – катнаштарыбызга кара көлөкө сыяктуу түштү»,- деди. Эрдоган расмий сапар менен барган Орусияда президент В. Путин менен жекеме – жеке сүйлөштү. Эки лидер андан кийин түрк – орус иш дүйнөсүнүн жыйынына катышты. Бул жерде билдирүү жасаган президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы потенциалды аймак үчүн дагы пайдалуу түрдө колдонууда чечкиндүү экендерин баса белгиледи.

Соода көлөмүн 100 миллиард долларга чыгарууну максат кылышкандарын айткан Эрдоган «Түрк агымы» менен Аккуюу атомдук станциясы сыяктуу  проектилердин эң кыска убакытта турмушка ашырыларын белгиледи. Орус ишкерлерин Түркияда жаңы инвестицияларды салууга чакырды.

Орток инвестиция фондунун түзүлөрүн да билдирген Эрдоган кызматташтыктын коргонуу өнөр жайын да камтый тургандай түрдө кеңейерин айтты.

В. Путин болсо Түркия менен экономикалык жана соода карым – катнаштарында учак кризисинен мурунку абалга жетишип мындан да жакшы болууну каалашкандарын айтты.

Газ өткөрүү тууралуу Орусиянын эң ишенимдүү өлкө экендигин айткан Путин курулуш секторунда да кызматташтыкты арттырууну каалашкандарын белгиледи. Орус лидер визасыз режимге кайтуу үчүн иштердин башталарын да билдирди.



Тектеш кабарлар