АКШ делегациясынын Түркия сапарына чечим чыгарылды

Түркиянын сунушун кабыл алган АКШнын адилеттик министрлиги келерки жуманын ичинде адис бир делегацияны Түркияга жиберерин билдирди

546357
АКШ делегациясынын Түркия сапарына чечим чыгарылды

АКШ Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн лидери Фетуллах Гүлендин Түркияга тапшырылышы үчүн жаңы бир кадам таштады. АКШнын адилеттик министрлиги келерки жуманын ичинде бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түркияга делегация жиберүү чечимин чыгарды.

ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин өкмөт уюмдун лидери Фетуллах Гүлендин тапшырылышы үчүн жашап жаткан АКШга «чукул түрдө камоо жана тапшыруу» талабын билдирген болчу.

Адилеттик министри Бекир Боздагдын жетекчилигинде жүргүзүлгөн иштердин негизинде өткөн жумада адилеттик министрлиги тарабынан Гүлендин камалуусу максатында АКШга экинчи бир жазуу жиберилген болчу. Бул абалдардан кийин АКШнын адилеттик министрлиги Фетуллах Гүлендин тапшырылышына байланыштуу Түркия адилеттик министрлигине бир кат жиберди.

АКШнын адилеттик министрлиги катта Гүлендин тапшырылышы үчүн бир делегациянын АКШга жиберилишин же Американын адилеттик министрлигинен бир делегациянын Түркияга келишин сунуш кылды.

Адилеттик министрлиги тарабынан АКШга жиберилген жооп катында биринчи болуп Америкадан бир делегациянын келиши, андан кийин Түркиядан бир делегациянын АКШда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү сунушталды.

Түркиянын сунушун кабыл алган АКШнын адилеттик министрлиги келерки жуманын ичинде адис бир делегацияны Түркияга жиберерин билдирди.

АКШ делегациясынын Түркияда козголоң кыймылына байланыштуу өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин Гүлендин тапшырылышы үчүн  бул жолу адилеттик министрлигинен бир делегациянын АКШга барары билдирилди.

 



Тектеш кабарлар