Европа Эрдоган үчүн аракетке өттү

Козголоңдорго демократиялык баалуулуктар менен курулган аймакта орун жок

544263
Европа Эрдоган үчүн аракетке өттү

Брюссель уктап жатабы же маалыматы жокпу? Европалык лидерлердин 15 -  июлдагы Түркияда болгон козголоң кыймылына үнсүз калуусунан кийинки берилген суроо ушул болгон.

Козголоңчу бөлүктөрдүн ийгиликтүү болгондугун жана аскердик  - саясий хунтанын Түркиядагы мамлекет күчүн колго алгандыгын ойлоп көрүңүз.

1967- жылдын апрель айында Афинада полковниктер менен танкалар күчтү колго алган, миңдеген кишини кармап Греция жана Европа үчүн он жылга жакын созулган кыйынчылыкты баштагандагыдай оңой болорунан шектенип турам.

Козголоң күчтөрү оппозициячылдардын митингдерин бастырууга аракет кылып жатып Анкара жана Стамбул көчөлөрүндө болушу мүмкүн болгон чоң кыргындарга күбө болушубуз мүмкүн эле. 2013 – жылдын июнь айындагы козголоңдон кийин Каирде чыккан өлүмчүл күчтү эске салыңыз.

Түркияда боло турган ийгиликтүү козголоң өлкөнү жарандык согушка алып бармак. Мындай абалдын акылга сыйбаган жыйынтыктары болмок.

Козголоңдон, хаостон жана  өлүмдөн качкан миллиондогон түрк жараны азыркы учурда Түркияда жашап жаткан 2 миллиондон ашуун сириялык качкынга кошулуп Европага карай жолго чыкмак. Европа Биримдиги азыркы учурда 2015 – жылдагы качкындар апаатынан дагы чоң качкындар кризиси менен беттешкенге мажбур болмок.

Европа Биримдиги мүчө өлкөлөрдүн биринде же катышуу сүйлөшүүсү ичинде болгон кайсы бир өлкөдө олуттуу аскердик козголоңго күбө болбоду. Венгрияда жана башка кайсы бир жерде  биздин укуктун үстөмдүгү түшүнүгүбүзгө каршы чыгуулар, телекөрсөтүү станцияларын басып алган, парламент имаратын бомбалаган жана өлкөнүн шайланган президентин колго алууга аракет кылган толугу менен жооптуу болгон козголоң кыймылы менен салыштырылганда эч нерсе эмес.

Коркунуч өткөн болчу, бирок 265 киши каза болуп,  1100 киши жараланган. Түркиянын саясий партиялар ылдам түрдө биригип козголоң кыймылын наалатташты. Бул окшошу болбогон тилектештик мисалынын Түркия демократиясын дагы ишенимдүү бир жерге алып келеринен үмүт кыла алабыз. Бирок козголоң болгон түнү Европа Биримдигинин абалдарды наалаттоосу убакытты алды. Конституциялык тартипке ушул кезге чейин жасалган эң чоң коркунуч менен беттешкен жана мүчөлүк процессиндеги Түркияга Европа Биримдигинен жогорку мартабалуу өкүлдөрдүн зыярат жасай тургандыгына байланыштуу эч бир белги жок.

Мунун ордуна европалык лидерлер дароо түрк жетекчилердин мамлекет ичинде Гүлен кыймылына караштуу болгон кишилерди тазалоо кыймылын териштире башташты.

Түркия Европа адам укуктары билдирүүсүн токтотууну каалаганда Европа Биримдиги лидерлери муну бекитишпей тургандарын айта башташты. Алар унуткан бир нерсе бар эле ал да Франциянын ноябрь айында Парижде болгон террордук кол салуудан кийин ошол эле нерсени аткаруусу эле. Түркиянын конституциялык тартибин ортодон жок кылууга аракет кылган күчтөргө каршы өзүн коргоо үчүн кээ бр кадамдарды таштоо укугунун бар экендиги жана муну аткаруусу керектиги темасы териштириле албайт. Бул кадамдардын алдыга жылуу тобокелчилигинин оордугу так болбогон бир факты. Европа Кеңеши жана Европа адам укуктары соту окуялар басаңдай баштаганда абалга көңүл бурушат деп ойлоймун. Козголоңду колдоого алуу ыктымалы абдан аз болгон журналисттер да камоого алынды жана албетте бул сынга алына турган тема.

Абдан жакшы кабар да Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд бул жумада Анкарага сапар менен келет. Европа козголоң түшүнүгүнүн өзү менен күрөшкөндөй карабаса ахлактык моралдык компоненттүүлүгүн жоготуу коркунучу менен бетме – бет келет. Европанын Египеттеги 2013 -  жылы болгон козголоңго карата уялтуучу мамилесин ашып өткөндүгүндө шек жок. Козголоңдон бир канча күн өткөндөн кийин президент Р. Т. Эрдогандын жакын кеңешчиси Ибрахим Калындын өкмөттүн козголоңго каршы  кыймылдарына каршы Батыштын сындарына карата tweetr эсебинен жазган бул жазуусу абдан маанилүү эле : «Эгерде козголоң ийгиликтүү болгондо  Египетте болгондой - сиздер аны колдомоксуздар. Сиздер бул улутту тааныбайсыздар, бирок бул улут сиздерди тааныйт».

Европа Биримдигинин лидерлери козголоңдон кийин Түркияга келип козголоңго карата айыптоо билдирүүлөрүн берип, Түркиядагы адамдарды козголоң кыймылын токтоткондугу үчүн куттуктаганда, президент, өкмөт, парламенттеги лидерлер жана башкалар менен отуруп Түркия үчүн демократиялык бир Европа жолун бирдикте кандай кураары тууралуу сүйлөшкөндө Европа Биримдиги азыркы учурда дагы жакшы абалда болмок.

Албетте бул кыймылдардын өлкөнү авторитаризмдештирүү багытында  дагы тереңге жетелөөдөн алыстата турган гарантия жок. Бирок Европа жок дегенде саясий идеалдар жана демократиялык баалуулуктарын жактоо аракетин көрсөткөн болмок.

Азыркы учурда Путин козголоңдон кийин Эрдоган менен жолугуша турган биринчи лидер болот. Эгерде бул жолугушуу ишке аша турган болсо бул Европа үчүн уялтуучу абал болот.

Европа мамлекет жана өкмөт башчылары кеңешинин тышкы карым - катнаштарынын кош төрагасы жана Швецияынн мурунку премьер - министри жана тышкы иштер министри Карл Билддин анализи.

 



Тектеш кабарлар