Ягланд Түркиянын парламентин карап чыкты

Исмаил Кахраман Европа Консейинин баш катчысы Турбьёрн Ягландды кабыл алды.

544532
Ягланд Түркиянын парламентин карап чыкты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман Европа Консейинин баш катчысы Турбьёрн Ягландды кабыл алды.

Ягланд Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын демократиялык мекемелерине колдоо көрсөтүү жана колдошууну так түрдө көрсөтүш үчүн бул сапарды жасагандарын белгилеп: «Түркияда парламенттин жана саясий партиялардын эл менен чогуу террор уюму ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине кандай каршы тургандарын көрүү абдан таасир берүүчү»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман да : «Өлкөбүз башынан өткөрүп жаткан ушундай татаал мезгилде досторубуз көрсөткөн колдошуу биз үчүн ар дайым болгонунан дагы маанилүү»,-деп айтып, Түркиянын куруучу мүчөлөрүнөн болгон Европа Консейинин демократия, укуктун үстөмдүгү жана адам укуктары тармактарында алдыңкы мекемелерден бири болгонун белгиледи.

Кахраман: «Ушул алкакта Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Европа Консейинин парламентарлар ассамблеясы баш болгон Европа Консейинин мекемелери менен кызматташууга чоң маани берүүдө. Өлкөбүз кыйын күндөрдү өткөрдү жана бир төңкөрүш аракетине туш болдук. Бул жөнөкөй эле козголоң эмес, абдан терең жагы бар жагдай болчу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар