Түрк куралдуу күчтөрү дагы да күчтөнөт

Йылдырым 15-июлдагы канкор төңкөрүш аракетин уюштургандар мыйзамдын чегинде эң оор түрдө жаза ала тургандыктарын баса белгиледи.

543884
Түрк куралдуу күчтөрү дагы да күчтөнөт

Премьер-министр Бинали Йылдырым аскердик-жарандык балансында жасалган түзөтүүлөр менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн(ТКК) алсызданбастан, тескерисинче таасирдүү иш алып баруусуна шарт түзүлгөнүн билдирди.

Бул түзөтүү иш-чараларында өнүккөн өлкөлөрдөгү армиянын милдеттерин негиз катары пайдалангандыктарын белгилеген премьер-министр:

“Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мындан кийин армиянын ичинде коркунуч туудурбашы жана төңкөрүш аракетинин болбошу үчүн тийиштүү иш-аракеттерди көрүп жатабыз,” – деди.

Премьер-министр Йылдырым айрым жеке менчик каналдардын биргелешкен эфиринде күн тартиби тууралуу маалыматтарын бөлүштү.

15-июлдагы канкор төңкөрүш аракетин уюштургандар мыйзамдын чегинде эң оор түрдө жаза ала тургандыктарын баса белгилеген Йылдырым:

“Аларга эч кандай пайда калбайт. Бирок ушул нерсени баса белгилеп айткым келет. Адилеттүүлүк менен иш алып барабыз. Анткени Түркия мыйзамга таянган мамлекет болгондуктан соттун өкүмү чыкпай туруп,  жазалай албайт. Алар сотсуз өмүрлөрдү кыйышты, ал эми биз мамлекетпиз, бизге соттун өкүмү жок туруп, жазага тартуу жарашпайт,” деген пикирин билдирди.

Төңкөрүшчүлөрдүн окуя болгон түнү “өлкөдө тынчтык” деп айтып алып, жарандардын үстүнө ырайымсыз түрдө ок жаадырып турушкандыгын айткан Йылдырым сөзүн мындай деп улады:

“Муну кайсы улуу бир максат үчүн кылгандарын дагы да аңдай албай турабыз. Эгер силер өлкөнүн келечеги, өнүгүүсү, өлкөбүздү дагы да алдыга жылдыруу максатын көздөгөн болсоңор, анда эмнеге адамдарды өлтүрүп жатасыңар? Эмнеге учактарды, бомбаларды таштап жатасыңар? Эмнеге танкаларды адамдардын үстүнөн айдап жатасыңар? Эмнеге эч кандай максатсыз эле тик учарлардан туш келди адамдарды чайкап жатасыңар? Эмнеге каршылык көрсөткөн адамдарды снайпер менен атып жатасыңар? Мына ушул суроолор суралат.”

Төңкөрүш аракетинин Фетхуллах Гүлен тарабынан пландалганы билингендигин айткан Йылдырым:

Бирок Фетуллах Гүлендин бул төңкөрүштү уюштурууга дарамети жетиштүүбү же эмеспи? Кеп мына ушул нерседе. Бул боюнча талкуулар уланып жатат. Анын жогорку күчтөрү  сөзсүз түрдө бар. Аны да билебиз. Муну билебиз, бирок  аны далилдеш керек,” – деди.

15-июлдан тарта ушул убакка чейин уланып жаткан демократия нөөмөтүнөн да кеп салды:

“Мекендештеримден өтүнөм, өзгөчөлүктөрүбүздү байлык деп кабыл алалы. Бүгүнкү күн бири-бирин бооруна алып, кучактоо күнү болот. Ушундайча демократия нөөмөтүндө турууну уланталы.”

Йылдырым жекшемби күнү Стамбулда көп адам катыша турган “Демократия жана шейиттер” митинги боло тургандыгын жана ага оппозициядагы партиялар да чакырылгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар