Демократия жана шейиттер митингине чакыруу

Улутубуз урматтуу президентибиздин чакыруусуна баш ийип ал түндөн бери көчөлөрдү таштап кетпей, дүйнөдө үлгүсү көрүнө элек демократия нөөмөтүн баштады.

543518
Демократия жана шейиттер митингине чакыруу

Президент Режеп Таййип Эрдоган лидерлерди Йеникапыда боло турган митингге чакырды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Бинали Йылдырым, Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелини 7-августта боло турган «Демократия жана шейиттер» аттуу митингге катышып, бирден сөз сүйлөп берүүгө чакырды.

Президенттиктин баш катчысы Фахри Касырга кол коюп жиберген чакыруу каты Ак партиянын баш катчысы Абдулхамит Гүл, ЖХП баш катчысы Камил Окйай менен МХПнын баш катчысы Исмет Бүйүкатаманга, үч партия башчыларынын Йеникапыда боло турган «Демократия жана шейиттер» митингине катышып сөз сүйлөөлөрү үчүн жиберилди.

Чакыруу катында Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кирип кеткен Фетуллахчы террор уюмунун мүчөлөрү, аскер кийимин кийип алган бир топ террористтин 15-июль түнү киришкен төңкөрүш аракетинин улут көрсөткөн эрдик жана чечкиндүү каршылык көрсөтүүсү аркылуу мизи майтарылганы белгиленип буларга орун берилди: «Коомчулуктун бардык катмарларынын, бардык түстөрдүн, өлкөсүнүн жана улутунун келечегин коргош үчүн чогулуусунун символуна айланган 15-июль төңкөрүш аракети жана андан соң, урматтуу партия башчыңыздан  партияңыздын бардык мүчөлөрүнө чейин демократияны, эркиндикти жана укук мамлекетин колдогон күчтүү туруш, ар түрдүү мактоодон да жогору турат.

Улутубуз урматтуу президентибиздин чакыруусуна баш ийип ал түндөн бери көчөлөрдү таштап кетпей, дүйнөдө үлгүсү көрүнө элек демократия нөөмөтүн баштады.

Өлкөбүздүн бардык шаарларында, бардык аянттарда уланып жаткан демократия нөөмөттөрү 2016-жылдын 7-августунда Стамбулдагы Йеникапы аянтында саат 18:00де боло турган «Демократия жана шейиттер» митинги менен туу чокуга жетет.»

Баш катчы Касырга каттын акыркы бөлүмүндө бардык атуулдарды митингге катышууга чакырган Эрдогандын, партия башчыларын да «Демократия жана шейиттер» митингине сөз сүйлөө үчүн чакырганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар