ПКК менен ФЕТӨнүн байланышы

Батмандын губернатору Ахмед Дениз ПКК террористтери менен ФЕТӨнүн качып жүргөн мүчөлөрүнүн рациядагы сүйлөшүүсүн коомчулук менен бөлүштү.

543434
ПКК менен ФЕТӨнүн байланышы

Фетхуллахчы терор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен соң жикчил терор уюму ПККнын террористтери рация менен сүйлөшүүсүндө качып кетүүнү каалаган төңкөрүшчүлөргө “биргеликте иш алып баралы” деп кайрылды.

Батмандын губернатору Ахмед Дениз терор уюму ПККнын рация менен сүйлөшүүсүндө ФЕТӨ террористтерине качып баш калкалоочу жер издеген болсоңор бирге бололу, кол кармашып биргеликте иш жүргүзөлү деп айткандыгын тастыктады.

Губернатор : “Эки терор уюму айрым структуралардын жана кээ бир өлкөлөрдүн колдоосу менен иш жүргүзүп, өлкөнүн келечегин бүтүндөй талкалоого аракет кылып жатышат,”- деди.

Губернатор Дениз: “Буларды (терор уюмдарын) колдогон өлкөлөр биздин аймакта Күрт-Түрк согушун чыгарганга аракет кылып жатышат. Алардын көздөгөнү, максаттары ушунда. Бирок атуулдарыбыз акыл эстүүлүк кылып, окуяны талдай билгендиктен бизди колдоп келүүдө. Буйруса жакшы күндөрдү биргеликте көрөбүз” деген пикирлерин айтты.

Губернатор ПКК менен болгону сыяктуу ФЕТӨ менен да күрөшө тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар