ФЕТӨ көзголоңуна өлкө тышында каршы чыгуулар улантылууда

Сербиянын түштүгүндө албандар көп болуп жашаган Прешева аймагында ФЕТӨнун козголоң кыймылына каршы митинг өткөрүлдү

539298
ФЕТӨ көзголоңуна өлкө тышында каршы чыгуулар улантылууда
fetö'nün darbe girişimine dünyadan tepkiler, kırçova, makedonya.jpg
fetö'nün darbe girişimine tepkiler.jpg

Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмдүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылына дүйнөдө көрсөтүлгөн каршы чыгуулар улантылууда.

Сербиянын түштүгүндө албандар көп болуп жашаган Прешева аймагында ФЕТӨнун козголоң кыймылына каршы митинг өткөрүлдү. Прешева маданият үйүндө чогулган митингчилер президент Р. Т. Эрдоганга колдоо беришти. «Прешева өрөөнү сени менен» деген ураандар менен жүргөн митингчилер колдорунда түрк байрактары менен жүрүштү. Митингге катышкандар эч бир күчтүн улуттук эркке каршы келе албай тургандыгын кабарлашты. Аял – эркек, жаш – кары дебестен бардык митингчилер Түркия республикасына жана президент Эрдоганга болгон коолдоосун билдиришти. Түркиядагы козголоң кыймылына Түштүк Африкадагы бир топ жарандык коом мекемеси да каршылык көрсөттү. Йоханнесбургда чогулган жарандык коом мекемесинин өкүлдөрү ФЕТӨнун козголоң кыймылын айыптаган орток персс – жыйын өткөрдү. Маалыматта бул каршы чыгуунун бардык адамзатка үлгү болгондугу жана дүйнө тарыхына өтөрү белгиленди. Калктын добушу менен шайланган бийликке каршы укук тышы жолдорго кайрылбашы керектиги баса белгиленди.

Македониянын батышындагы Кырчова шаарында да Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылына каршы митинг өткөрүлүп, президент Р. Т. Эрдоганга колдоо берилди. Македония түрк жарандык коом уюмдары биримдиги тарабынан шаардын борборунда өткөрүлгөн митингге Түркиянын Скопия элчилигинин жетекчилери менен бирге өлкөдөгү түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана көп сандаган киши катышты.

Колдорунда түрк байрактары жана президент Эрдогандын фотографиялары менен жүргөн митингчилер Түркияга болгон колдоолорун билдиришти. Македония түрк жарандык коом уюмдары биримдигинин төрагасы Тахсин Ибрахим бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ФЕТӨнун козголоң кыймылынын «Ата Мекен» катары көргөн Түркиянын ырааттуулугун бузуу максатында экендигин белгилеп бул кыймылга түрк калкынын керектүү жоопту бергенин белгиледи.



Тектеш кабарлар