Тышкы иштер министрлиги Франциядагы кол салууну айыптады

Түркия Франциянын Руане шаарындагы чиркөөгө жасалган террордук кол салууну катуу айыптады

538553
Тышкы иштер министрлиги Франциядагы кол салууну айыптады

 

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Руане шаарында бир чиркөөдө кечээ болгон жана бир дин кызматкеринин өлтүрүлүшү менен бүткөн террордук кол салуу айыпталды.

«Ыйык жерде бир дин кызматкерин жана ыбадат кылуу үчүн келген күнөөсүз кишилерди бутага алган кол салууну айыптайбыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Руане шаарындагы чиркөөдө  эрте мененки сыйынуу учурунда поп жана катышуучуларды барымтага алган 2 киши полиция тарабынан өлтүрүлдү. Кол салууда барымтага алынган поп каза болуп 1 кишинин оор жаралангандыгы билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар