Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер - министри Анкарада

Өзгүргүндү Чанкая сарайында премьер – министр Бинали Йылдырым тосуп алды

538008
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер - министри Анкарада

Анкара Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер – министри Хүсейин Өзгүргүн жана коштоосундагы  делегацияны тосуп алды. Өзгүргүн Чанкая сарайында премьер – министр Бинали Йылдырым тарабынан азем менен тосулуп алынды. Тосуп алуу аземине вице – премьер Тугрул Түркеш, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, маданият жана туризм министри Наби Авжы менен токой жана суу чарбачылыгы министри Вейсел Эроглу да катышты. Өткөрүлгөн аземден кийин эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартип беренеси Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылы болду. Козголоңдон кийин ФЕТӨ/ПДЙ террордук уюму Түндүк Кипрде да министрлер кеңешинин чечими менен террордук уюм тизмесине алынды.

Пермьер – министр Бинали Йылдырым да Түндүк Кипр Түрк Республикасына качкан козголоңчулардын тапшырыларын билдирди.

Айрыкча Түндүк Кипрге жайгаштырылган куралдуу күчтөр бөлүктөрүнө байланыштуу абал да каралды. Сүйлөшүүдөн кийин эки премьер – министр биргелеше  пресс – жыйын өткөрдү.

Премьер – министр Бинали Йылдырым 15 -  июль күнү түрк улутунун дастан жазгандыгын белгилеп, президент Р. Т. Эрдоган башта болуп, өкмөт жана түрк калкы каршы туруу менен бул козголоңду токтотуп дүйнө демократиясынын тарыхына бир алгачкыны  киргизгендигин баса белгиледи.

Өзгүргүн да Түндүк Кипрде Фетуллахчы террордук уюм параллель мамлекеттик түзүмү ФЕТӨ/ПДЙге  көз ачтырбай турушкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар