Эрдогандын башкы кеңешичиси жана катчысы Ибрахим Калын менен маек (1 - бөлүм)

Бул кишилерди аныктоо жана мамлекеттик органдардан чыгаруу үчүн кээ бир кадамдарды таштадык

536011
Эрдогандын  башкы кеңешичиси жана катчысы Ибрахим Калын менен маек  (1 - бөлүм)

15  - июлда Фетуллах террордук уюмуна  караштуу бир группа аскер Түркияда өкмөткө  сокку урууга аракет кылды. Бул кыймыл ийгиликсиз болду себеби эл демократияны коргоп калуу үчүн көчөлөргө чыгышты жана эми өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Көптөгөн киши өлкөдө эми эмне болот деп кызыгуу менен күтүүдө. Биз да президент Эрдогандын тышкы саясаттардан жооптуу башкы кеңешичиси жана катчысы Ибрахим Калын менен маектештик.

Кабарчы :

  • Урматтуу Ибрахим Калын ТРТ – World, One on One программасына кош келипсиз. Президент Эрдоган узун убакыттан бери өлкөдө демократияга зыян тийгизүүгө аракет кылган жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган бир «Параллель мамлекеттин түзүлүшү» бар экендигин айтып жаткан. Ошого карабастан эмне себептен өлкөдө козголоң кыймылы болду? Же чалгындоо маалыматтарында кемчилик барбы? Ибрахим Калын :
  • Бул группа  көптөгөн убакыттан бери даярданып келген. Өзгөчө 17 – 25  - декабрдагы кыймылдардан кийин улуттук коопсуздук коркутуусуна айланды. Ал мезгилден бери бул тууралуу бир топ чараларды көрдүк. Бул кишилерди аныктоо жана мамлекеттик органдардан чыгаруу үчүн кээ бир кадамдарды таштадык, бул маселени чечүү үчүн жүргүзүлүп келген процесс ансыз деле бар болчу. Армиянын ичиндеги сокку кыймылы да Гүлен кыймылынын акыркы кадамдарынын бирөөсү болду. Армиянын ичинде армияны толугу менен өкүлү болбогон кичинкей бир группа аскер бул кыймылды жасады жана тилекке каршы кандуу кол салууга айланды. Көчөлөрдө көргөн нерселерибиз бул кишилердин канчалык аёсуз  экендигин көрсөттү. Ушул кезге чейин бул өлкөдө эч болбогон көрүнүштөргө күбө болдук. Өз аскерлерибиз өз калкыбызга курал кезеп ок атты. Колунда куралы жок күнөөсүз кишилер көчөлөрдө өлтүрүлдү. 242 киши шейит болду жана 1500дөн ашуун киши жараланды. Бул жагынан абдан чоң маселе. Бирок 15 -  июль күнү «Кара түн» деп башталган нерсе, эртеси күнү козголоң кыймылынын ийгиликсиз болушу менен «жарык таң» болду. Албетте  мындай нерселердин дагы бир жолу болбошу үчүн мыйзамдуу чараларды көрүүдөбүз. Мында ийгиликтүү болуш үчүн армия, сот, коопсуздук күчтөрү жана мамлекеттин башка органдарында уюмдашкан кишилерди аныктообуз керек. Бул өлкө жана инсандарыбыз үчүн зарыл болгон кыймыл. Бул козголоң кыймылына келе турган болсок албетте көптөгөн чара ансыз да көрүлгөн болчу. Бирок жарандарыбыздын тайманбастыгы кыймылга тоскоол болду. Менин оюмча бүткүл дүйнөгө кабар салды. Калкыбыз дүйнөгө, душман ким болсо болсун демократияга, эркиндикке жана укуктун үстөмдүгүнө канчалык ишенгендигин  көрсөттү.

Кабарчы :

Калктын берген жообу керемет эле. Сиз да баса белгилегендей башка демократиялык өлкөлөр ушундай каршылык көрсөтүүнү ойлобос эле. Президент элди көчөгө чыгууга чакырганда өкмөт элдин ушундай каршы чыгарын ойлоду беле?

Ибрахим Калын :

  • Бул иш башталганда биз оболу козголоң кыймылынын канчалык таасирдүү экендигин түшүнүүгө аракет кылдык жана кыска убакыттын ичинде ортого чыкты. Оболу Анкара жана Стамбулдагы аскердик бөлүктөрдү кыймылга өткөрүштү. Мунун чындыгында козголоң кыймылы экендиги билинери менен президент телекөрсөтүүгө чыкты жана калкты көчөлөргө чыгып, демократияны коргоого чакырды. Аллага шүгүр бул кыймыл легендага айланды. Чынын айта турган болсок  эч ким мындай кыймылды болжолдой алмак эмес. Козголоңчулардын  мынчалык канкор, жырткычча кыймыл кылары күтүлгөн эмес.

Кабарчы :

 

  • Элдин каршы чыгуусу абдан зор болду. Бир канча күн өткөндүгүнө карабастан  азыр да көчөлөргө чыгышууда. Сиздин оюңузча бул өкмөттүн саясатынын айынан ушундай болуп жатабы? Кишилердин президентке болгон ишеничиненби?

Ибрахим Калын :

  • Себеби эң биринчи адамдардын демократия жана укуктун үстөмдүгүнө болгон ишеними. Биз Түркияда 1960 -  1970 - 1980 -  жылдарда аскердик соккуларды башыбыздан өткөрдүк. Биринчи жолу бир аскердик сокку адамдар тарабынан токсоолдукка учурады. Адамдар бир тараптан көчөлөрдө жеңишин майрамдаса, бир тараптан да мындай окуялардын кайталанбашы үчүн аракет кылышууда. Баарына бере турган тарбия эмне болсо болсун, укуктарын, өлкөлөрүн, биримдикти коргоо үчүн көчөлөргө чыгышат. Албетте президент бир гана козголоңчуларга эле эмес ошол эле учурда дүйнөнүн артта калгандарына да берилген кабарды улантуу үчүн адамдарды көчөлөргө чыгууга чакыруу салды. Бирок көчөгө чыккан кишилерге карай турган болсок коомдун бардык бөлүктөрүнөн, ар башка саясий партиялардан, ар башка саясий көз караштардан жана ар башка идеологиялардан кишилерди көрөсүз. Козголоңдон кийинки сахна чындыгында ар түрдүү саясий айырмачылыктарга карабастан биримдик жана тилектештиктин көрүнүшү эле. Ошол эле учурда  президент оппозициялардын лидерлерине телефон чалып аларга козголоңго байланыштуу ачыкча каршы чыккандары үчүн рахмат айтты. Бул да көчөлөргө чагылды. Ар башка саясий партиялардан кишилер бирдикте турушту. Бирок президент Эрдогандын бул абалга лидерлик кылуусунун да чоң ролу бар. Себеби бул түнү эң негизги учур президенттин кишилерди көчөгө чыгууга чакыруусу болду. Биздин муну кишилерге жеткирүүбүз убакытты алды. Себеби чечишибиз керек болгон бир топ техникалык маселелер бар эле. Козголоңчулар  сиздин мекемеңизди, ТРТны басып алышты. Ал түнкү электрондук кабарлашууну, спутник кабарлашууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн спутник фирмаларына карата кыймылдар жасалып жатты. Бирок биз муну да ашып өттүк.  Ошондуктан президенттин чакыруусу козголоңго каршы кыймыл үчүн абдан маанилүү бурулуш жери болду.  


Тектеш кабарлар