Жарандар аянттарды бош калтырышкан жок
Түркиянын белгилүү ырчылары Алишан, Мустафа Жежели, Эмре Алтуг жана башка белгилүү ысымдар Кызылай аянтына келишти
Фетуллахчы террордук уюмдун 15 - июлдагы козголоң кыймылына каршы президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен биринчи күндөн баштап аянттарды бош калтырбаган жарандар Түркиянын 81 шаарында демократия күзөтүн улантышууда.
Анкарада кызылай аянтында чогулган жарандар Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылына каршы чыгууну улантышты. Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу аянтта демократия күзөтү үчүн чогулган жарандарга кайрылды. Армиянын ичине кирип, аскер формасын кийген ФЕТӨ мүчөлөрүнүн 15 - июль күнү өлкөгө, демократияга, калкка сокку урууну каалаганын эске салган Чавушоглу : «Президентибиздин, лидерибиздин, урматтуу Р. Т. Эрдогандын тик турушу, өкмөтүбүздүн чыдамкайлыгы андан да маанилүүсү айбыкпастан танк алдына жаткан калкыбыздын тайманбастыгынын саясында ал козголоңго түрк калкы сокку урду»,- деди.
Түркиянын белгилүү ырчылары Алишан, Мустафа Жежели, Эмре Алтуг, Нихат Доган, Давут Гүлоглу, Бердан Мардин, Кутси, Дилбер Ай, Эже Эркен менен радиочу «Афркалык Али», «Саякатчы Мехмет», спорт жамаатынан тренерлер Йылмаз Вурал, Тугай Керимоглу жана Алпай Өзалан, ТРТ спорт программасынын алып баруучусу Эрсин Дүзен сыяктуу ысымдар да колдоо берүү максатында Кызылай аянтына келишти.
Стамбулда да Таксим, Кысыклы, Эсенлерде жүз миңдеген киши аянттарды толтурушту. 11 - президент Абдулла Гүл да Кысыклыдагы президенттик турак жайдын алдында чогулган элдерге кайрылды : «Дагы кыйын, караңгы күндөрдүн Түркияга келишине бөгөт болунган болсо, бул жарандарыбыздын баарын унутуп тайманбастык менен мекен үчүн Түркия үчүн президент үчүн танктардын алдына өтүшү менен болду»,- деди.
Мурунку премьер – министр Ахмет Давутоглу да Кысыклыда эле. Таксимдеги демократия күзөтүндө да диндердин өкүлдөрү козголоңдо каза болгон кишилер үчүн дуа кылып, биримдикке чакырышты.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.