Президент Эрдоган Анкарада
Президент Эрдоган бүгүн Улуттук коопсуздук кеңешине жетекчилик кылат.
Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде чогулат.
Улуттук коопсуздук кеңешинин бул жыйналышында орчундуу маселелер талкууланат.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен бери Стамбулдагы үйүнүн алдынан кетпеген жүз миңдеген кишиге кечээки кайрылуусунда: «Өкмөтүбүз маанилүү даярдык жасоодо. Улуттук коопсуздук Кеңеши жана Министрлер кеңеши чогулат. Андан кийин маанилүү токтомдорду жарыялайбыз. Ылдам чечим чыгарып, ылдам натыйжа алышыбыз керек»,-деп айткан.
Бул жыйналыштар Президенттин чыккынчылык кыймыл болгон түндөн бери Стамбулдан алгач ирет борбор калаа Анкарага өтүп жетекчилик кылышы жагынан маанилүү.
Чыга турган чечим болсо дүйнөлүк коомдук пикир тарабынан кызыгылып күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.