Ал түнү Түркия Парламенти

Түркия парламенти Фетуллахчы террордук уюмдун чыгарган козголоңуна туруштук берип тарых жазды

533653
Ал түнү Түркия Парламенти
tbmm darbe girişimi gecesi 1.jpg
tbmm darbe girişimi gecesi 2.jpg
tbmm darbe girişimi gecesi 3.jpg

Түркия парламенти Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн түрк куралдуу күчтөрүнө уя салган аскердик группасы тарабынан 15 -  июль күнү кечинде чыгарган козголоңуна туруштук берип тарых жазды.  

Түркия Парламентинде фракциясы болгон 4 саясий партиянын депутаттары Ф – 16 лардан жаадырган бамбаларга карабастан Жалпы Кеңешти таштап кетпестен парламентке келишип мамлекетке жана өздөрүн шайлаган жарандарга ээ чыгышты. Түркия Парламентинин мүчөлөрү телекөрсөтүү каналдарынан калкка : «Биз ишибиздин башындабыз»,- деп кайрылышты. Ошол учурда Ардак залынын чатырына келип түшкөн биринчи бомба имараттын термелүүсүнө себеп болду. Залдын шыбы бөлүнүп бөлүнүп жерге түшүп, чыккан үндөр кулакты тундуруп, чыккан чаңдан адамдар бир бирин көрө албай турган абалга келди.

Премьер – министр Бинали Йылдырымдын парламенттеги бөлмөсү да болуу менен бир топ  жер колдонуудан чыкты. Ушул себеп менен парламенттин коопсуздук башкаруучулары баш калкалоочу жайларга түшүү керектигин айтышты. Бул учурда тарыхый учурга күбө болгон Жалпы Кеңештин трибунасынан адилеттик министри Бекир Боздагдын үнү келип жатты. Боздаг Түркия Парламентинин спикери Исмаил Кахраманга кайрылып : «Урматтуу парламент спикери парламентти жаап башка калкалоочу жайларга бара турган болсок эл булардан коркту дешет. Биздин жасай турган нерсебиз бул жерде өлүү»,- деп жатты.

Түркия Парламентинин мурунку спикери Жемил Чичектин айткандарына караганда ошол эле сааттарда президент Р. Т. Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын депутаты Илкнур Инжеөзгө телефон чалып депутаттарга : «Тарых жазып жатасыңар»,- деп жаткан. Парламенттин спикери Кахраман Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Республикалык элдик партиясы жана Улуттук Кыймыл партиясынын фракция  жетекчилерине орток билдирүү жарыялоону сунуш кылды.  Кол жазуусу менен жазылган билдирүүгө Элдердин демократиясы партиясынын фракция жетекчиси да  телефондо уруксат берүүсү менен билдирүү формасын алды. Ошол эле учурда Түркия Парламентинин коргоо мекемесинин төрагасы  Нуруллах Өзтүрк координациялаган парламент полициялары короого чейин кирип келген тик учарларды аткылай башташты. Кире бериштеги каалгаларга жыйылган танктардагы аскерлер менен катуу кагылышуулар чыкты.

Түркия Парламентин, мекенин, калкын коргоп калууга аракет кылып, өз үй – бүлөсүнөн кабар ала албаган минуталарда өз өмүрүнөн ажыроого кайыл болгон каарман полициялардын бир канчасы түшкөн шрапнелдерден жараланды. Оюндун кандай  эсептерге таянганы тактала баштаган учур :

Түрк куралдуу күчтөрүнөн экендигин айткан бир террордук козголоңчу Түркия Парламентин бомбалап жаткан. Түрк полициясына ок атып, көчөлөргө чыккан түрк калкына карата танктарды айдап жатты. Бул көрүнүштүн чет элдик күчтөрдүн кыймылы эмес экендиги ачык айкын. Бирок өлкөлөр арасындагы согуш учурунда болушу мүмкүн экендиги тартышылгыс. Бул калкка ал түндү жашаткан ФЕТӨ мүчөлөрүнүн түрк, мусулман, ал түгүл адам экендерине ишенүү кыйын.

Ийгиликсиз болгон козголоң кыймылынан бир канча сааттан кийин Түркия Парламенти кезексиз чогулду. Спикер Исмаил Кахраман түрк калкына буларды айтты : «Калкыбызга бул кыйынчылыкты жашаткан кишилер ылайык болгон жазаны тартышат. Гази парламентке бомба атылды... Калк колдогон, колуна курал берген элементтер калкка ок атты... Калкыбызга көңүл айтып,  дагы бир жолу мындай кара күндүн болбошун Улуу Алладан тилеймин. Мындан кийин чечкиндүүлүгүбүздү жоготпостон, маселени түп тамырынан чечүү үчүн аракет кылып, жараларды айыктыруунун учуру. Парламент түнү менен демократия күзөтүнө турду. Эми бул жерде 4 партиянын орток текстин бирдикте окуп, коомчулукка сунуштайбыз. Эгемендик элдики жана коомчулук муну көрсөттү». Кахраман  андан кийин орток билдирүүнү окуду. Козголоң кыймылы жана парламентке карата кол салуулар катуу айыпталган билдирүүдө : «Бүгүн болгондой  келечекте да улуттук эркке жана Гази парламентке кол узаткандар Түркия Парламентинин болоттой бек эрки менен кездешет»,- деп айтылып, Түркия Парламентинин улуттун демократияга болгон ишеничин чагылдырууну улантары баса белгиленди.

Парламентте бул тарыхый учурлар болуп жатканда алдындагы он миңдеген, жалпы өлкөдө болсо миллиондогон жаран колдорунда түрк байрактары менен козголоңго каршы ураандар менен жүрүп, парламентине, президентине, келечегине ээ чыгып жатты.



Тектеш кабарлар