Путин Эрдоганга көңүл айтты

Эки лидер алдыдагы айдын алгачкы аптасында бетме-бет жолугуп сүйлөшүү темасында макулдашышты.

531192
Путин Эрдоганга көңүл айтты

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып, төңкөрүш аракетинде каза болгондор үчүн көңүл айтуусун билдирди.

Тартип жана ырааттуулуктун кайра түзүлүшүн каалаганын айткан Путин: «Түркияда бул сыяктуу конституцияга жатпаган кыймылдар болбошу керек»,-деп айтты.

Орус лидер Түркияда шайланган өкмөттү колдогондорун белгилеп, президент Эрдоганга үй-бүлөсүнө жана түрк калкына кайрат айтты.

Эки лидер алдыдагы айдын алгачкы аптасында бетме-бет жолугуп сүйлөшүү темасында макулдашышты.

 



Тектеш кабарлар