Нуман Куртулмуш жаңы Жакынкы Чыгыштын курулушу керектигин айтты
Куртулмуш : "5 жылда 450 миң киши каза тапты. Дүйнөнүн эң кооз шаарлары чалдыбарга айланды»
![Нуман Куртулмуш жаңы Жакынкы Чыгыштын курулушу керектигин айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3884/5b44/f3d7/57875dce1cb48.jpg?time=1718836138)
Вице - премьер Нуман Куртулмуш Коньяда Анадолу басмаканалар ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык маданият туризми жана медиа курултайында сөз сүйлөдү.
Жакынкы Чыгышта этникалык жана сектанттык айырмачылыктардан жаралган кагылышуулардын аймакта жашагандарга тескери таасир тийгизүүсүнө Түркиянын ыраазычылык көрсөтпөй тургандыгын баса белгилеген Куртулмуш макулдашуу менен жаңы Жакынкы Чыгышты куруу керектигин белгиледи.
Сирияда 5 жылдан бери улантылып келе жаткан согуштун бар экендигине көңүлдөрдү бурган Куртулмуш : «Режимдин калкка карата ок атуусу андан кийин жарандык согуштар менен кыйраган Сирия. Уюмдар конфедерациясына айланган бир өлкө. Кээ бир өлкөлөр колдоо берип жана Жакынкы Чыгышта аймактык күчтү колго алууга аракет кылышууда. Бардык нерсе сириялыктарга болуп жатат. 5 жылда 450 миң киши каза тапты. Дүйнөнүн эң кооз шаарлары чалдыбарга айланды»,- деди.