Президент Эрдоган НАТО саммитине катышат

Президент Р. Т. Эрдоган Польшада боло турган НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышат

524822
Президент Эрдоган НАТО саммитине катышат

Президент Р. Т. Эрдоган Польшада боло турган НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

Саммитте союздаштыктын лидерлеринин Галлер саммитинде чыгарылган чечимдердин ишке ашуусун карап чыгуусу, баш тарттыруучулук жана  коллективдик коргонууну бекемдей турган кошумча чараларды бекитүүлөрү күтүлүүдө. Союздаш лидерлер Афганстандагы Чечкиндүү Колдоо Миссиясына салымын кошкон НАТО тышы өлкөлөрдүн лидерлери жана тийиштүү эл аралык мекемелердин өкүлдөрү менен өткөрүлө турган отурумда сөзү болгон миссиянын иштерин карап чыгышат. Афган улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрүнүн 2018 – 2020 -  жылдарда финансылык жактан жардам берилишине карата убада берет.

Мамлекет жана өкмөт башчылары деңгээлинде НАТО – Украина комиссиясынын жыйынында болсо, Минск келишимдеринин ишке ашуусу да болуу менен Украинадагы абал да каралат. Чет элдик кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлгөн президент Эрдоганды тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен улуттук коргоо министри Фикри Ышык коштойт.

 



Тектеш кабарлар