Эртең Рамазан майрамы
Лидерлердин майрамдык программасы белгилүү болду
Түркия жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үч күн Рамазан майрамын майрамдашат. Президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Бинали Йылдырым менен саясий партиялардын лидерлердин майрамдык программалары да белгилүү болду. Президент Эрдогандын Рамазан майрамында Стамбулда болушу күтүлүүдө. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана премьер – министр Бинали Йылдырым да майрамдын биринчи күнү Стамбулда болот.
Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглунун майрамга үй – бүлөсү менен Борбор шаар Анкарага кирүүсү күтүлүүдө.
Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели да майрамда борбор шаарда болот. Элдердин демократиялык партиясынын кош төрагасы Селахаттин Демирташ жана Фиген Йүксекдагдын майрам программаларына байланыштуу маалымат берилген жок.