Аясофияда 85 жылдан кийин эрте мененки азан айтылды

Кадыр түн өлкөнүн бардык жеринде тосулду

522642
Аясофияда 85 жылдан кийин эрте мененки азан айтылды

 

Кураан Керим түшүрүлө баштаган жана «миң айдан дагы кайрымдуу» деп кабыл алынган Кадыр түн өлкөнүн бардык жеринде тосулду.

Стамбулда Аясофия музейинде өткөрүлгөн Кадыр түн программасына Дин иштери башкармасы Гөрмез, Анкара университетинин теология факультетинин мугалими жана муеззин Фатих Кожа менен бирге Эл аралык Кураан Керим окуу конкурсунда даражага кирген хафыздар да катышты.

Кадыр түн программасынан кийин көптөгөн жылдардан кийин Аясофияда эрте мененки азан айтылды. Эрте мененки азанды Анкара университетинин теология факультетинин мугалими жана муеззин Фатих Кожа айтты.

Стамбулда курулушу улантылып жаткан Чамлыжа мечити Кадыр түн үчүн атайын биринчи жолу ыбадатка ачылды. 10 миңге жакын киши мечиттин короосунда тараба намазын окушту. Кадыр түн Анкарада да кубанычтуу тосулду. Ифтардан мурда  Бештепе Улуттук мечитин толтурган жарандар кечки, куптан жана тараба намазында дуа кылып, окулган Кураан Керим, Мевлид – и Шериф жана диний ырларды угушту.

Измирдиктер болсо Кадыр түндү Конак аянтында тосушту. Миңдеген киши бир дасторкондон ифтар кылышты. Ыйык  түндө алакан жайылып, биримдик үчүн дуа кылышты.

Шырнактын Жизре районунда муфтият уюштурган программада көп сандаган жаран Кадыр түндү дуалар менен тосушту. Террордук уюмга карата операциялардын ийгиликтүү аякташынан кийин тынчтык жана коопсуздук түзүлгөн райондун бир топ мечитинде өткөрүлгөн программаларга жарандар абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар