Премьер-министрдин Орусия тууралуу билдирүүсү

Эрдоган менен Путин ушул жуманын ичинде телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмүкүн

519785
Премьер-министрдин Орусия тууралуу билдирүүсү

Премьер-министр Бинали Йылдырым президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путинге 12-юнь Орусия күнүнөн улам жолдогон каты аркылуу Орусия менен нормалдашуу жараянынын башталгандыгын белгиледи.

Бинали Йылдырым ТРТ-Хабер каналынын атайын программасына катышып Түркия-Орусия карым-катнаштарындагы жаңы жол картасына баа берди.

«Орусия менен ортобузда эч нерсе болбогон сыяктуу кабыл алып жолубузду улантабыз»,- деген Йылдырым, Эрдоган менен Путиндин таштала турган кадамдарга байланыштуу сүйлөшө тургандарын, эки өлкөнүн ортосундагы биринчи расмий сүйлөшүүнүн ушул жуманын ичинде өткөрүлө турганын айтты.

Йылдырым: «Балким шаршемби күнү, балким бейшемби күнү урматтуу Путин менен урматтуу президентибиздин ортосунда телефон сүйлөшүүсү өткөрүлөт»,- деди.

Өкмөт башчы Йылдырым жаңы жараянда, Түркия менен Орусиянын ортосунда экономикалык тармактагы мамилелер жана эки тараптуу туризм иш-чараларынын кайрадан ылдам түрдө баштала тургандыгын айтты.

Түркия-Египет карым-катнаштарына да токтолгон Йылдырым: «Сокку менен бийликтен кулатылган Мухаммед Мурси жана анын тобуна жасалган адилетсиз жазалардан тышкары,  экономикалык алакалардын өнүктүрүлүшүндө тоскоол болоочу эч нерсе жок. Ишкерлерибиз эки тараптуу барып-келип жатышат»,-деди.

Йылдырым Египет менен болгон алакалардын министрлик деңгээлинде башталышы мүмкүн экенин жана ушундайча алдыга күндөрдө нормалдашууга пайдубал даярдалган болоорун белгиледи.



Тектеш кабарлар