Орусия Түркиянын катына жооп берди

Орусия, президент Режеп Таййип Эрдогандын президент Владимир Путинге жиберген катка байланыштуу алгачкы сереп салуусун жасады.

519875
Орусия Түркиянын катына жооп берди

Орусия, президент Режеп Таййип Эрдогандын президент Владимир Путинге жиберген катка байланыштуу алгачкы сереп салуусун жасады.

Орусия Парламентинин үстүңкү баскычы болгон Федерация Кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко, каттын Анкара-Москва карым-катнаштарынын оңдолушу үчүн пайдубал түзө турганын айтты.

Федерация Кеңешинин башчысы Матвиенко: «Карым-катнаштарыбызда айрым терстиктер болду. Мурдагы ишеним түшүнүгү жоюлду. Бул кат Орусия жана Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын оңдолушу үчүн пайдубал боло алат»,-деп айтты.

Матвиенко, катта президент Режеп Таййип Эрдогандын түшүрүлгөн орус учагынын учкучунун үй-бүлөсүнө көңүл айтканын жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын оңдолушу үчүн аракет кылууга даяр болгонун белгилегенин айтты.

Түркия Президенттиги тарабынан жасалган ачыктоодо Путиндин ырахмат үчүн Эрдоганга эртең саат 12:00де телефон аркылуу байланыша турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар