Орусия менен мамиле оңолуп баратат

Куртулмуш, Орусияда ишин жүргүзгөн түрк фирмаларында түрк жарандарын иштетүү уруксатынын кайрадан берилгенин белгилеп өттү.

519171
Орусия менен мамиле оңолуп баратат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш визасыз режим жана Түркия-Орусия карым-катнаштарына байланыштуу ачыктоолорду жасады.

Нуман Куртулмуш Чанкая сарайында өкмөт башчы Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Министрлер кеңешинин жыйыны өтүп жаткан убакта журналисттерге маалымат берди. Анда ал, Түркиянын Европа Биримдиги менен макулдашкан Артка кайтарып алуу келишиминин милдеттерине баш ийген өлкө катары визасыз режим күтүүлөрүнүн абдан ачык болгонун, макулдашылган кадамдардын ташталышы үчүн процесстин башталышы керектигин айтты.

Орусия менен карым-катнаштарга да токтолгон Нуман Куртулмуш, Түркия-Орусия карым-катнаштарында жумшаруу тренди ылдамдаганын айтты.

Куртулмуш, жумшаруу багытында ташталган кадамдардын өзгөчө президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Бинали Йылдырым жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 12-июнда белгиленген Орусия күнү себеби менен Орусиянын президенти Владимир Путинге жиберген каттардан кийин жумшаруу процесси ылдамдаганын билдирди.

Орусия тарабынан да карым-катнаштардын нормалдашуусу керектигине байланыштуу бир канча белгилер берилгенин айткан Куртулмуш, Орусияда ишин жүргүзгөн түрк фирмаларында түрк жарандарын иштетүү уруксатынын кайрадан берилгенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар