Транспорт министри Панамада

Р. Т. Эрдогандын өкүлү катары катыша турган Арсланды «Канал Стамбул» проектисин даярдаган мекеменин жетекчилери коштоодо

518230
Транспорт министри Панамада

Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Ахмет Арслан Панама каналынын кеңейтилүүсү проектисинин ачылышынан улам Панамага барды. Эртең өткөрүлө турган аземге президент Р. Т. Эрдогандын өкүлү катары катыша турган Арсланды «Канал Стамбул» проектисин даярдаган мекеменин жетекчилери коштоодо. Арслан аземден кийин проектини турмушка ашырган Панама канал жетекчилигинин координациясында бул өлкөнүн тийиштүү мекеме жана мекеме өкүлдөрүнөн турган топ менен жолугушат.

Сапардын негизинде Түркия менен Панаманын ортосунда карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү жана деңизчилик тармагында бюрократиянын азайтылуусуна карата «Деңизчилик келишимине» кол коюлат.

Келишим менен тараптардын деңиз кырсыктарында өз кемелерине жасалган мамилени башка өлкөнүн кемелерине да көрсөтүү боюнча макулдашуу түзүлөт. Ошондой эле «Канал Стамбул» проектиси үчүн Панама өкмөтүнөн техникалык жана башкаруу боюнча жардам алынышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар