Эрдоган Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу чечимине баа берди

Европа Биримдиги кыска убакытта башка бөлүнүүлөр менен беттешет

517874
Эрдоган Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу чечимине баа берди

Президент Эрдоган Европа Биримдиги мындай кыймылдарын уланта бере турган болсо  кыска убакытта башка  бөлүнүүлөр менен беттешерин айтты. Бардык өнөр жай ишкерлери коомунун Стамбулдагы ифтарына катышкан президент Эрдоган Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу чечимине баа берди.

Демократияга, улуттук эркке сый көрсөтүүнү негиз кылып алган  саясий түшүнүктүн мүчөсү катары референдум жыйынтыктарынын англис калкы үчүн пайдалуу болушун каалаган Эрдоган : «Англия калкы чыгарган бул чечимди Англия менен Европа Биримдиги үчүн жаңы бир мезгилдин башталышы катары көрүп жатам»,- деди. Европа Биримдигинин Түркияга болгон мамилесин да сынга алган президент : «Европада күчөп бара жаткан расист жана исламофобиялык агымдарды көрүп туруп эч ким Европа исламофобия эмес дебесин. Азыркы учурда Түркияга карата жасалган кыймылдар исламофобиялык кыймылдар. Ошондуктан бизди ичине алууну кечеңдетип жатышат»,- деди.



Тектеш кабарлар