Түркияны эли мусулман болгону үчүн ЕБне албай жатышат

«Фатих Султан Мехмет» университетинин бүтүрүүчүлөр аземине катышкан Президент Эрдоган Европа Биримдигинин лидерлерин сынга алды.

516480
Түркияны эли мусулман болгону үчүн ЕБне албай жатышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдигинин Түркияны эли мусулман болгону үчүн Биримдикке албаганын айтты.

«Фатих Султан Мехмет» университетинин бүтүрүүчүлөр аземине катышкан Президенттин бутасында Европа Биримдигинин лидерлери бар эле.

ЕБнин лидерлеринин убадаларына турбагандарын кесе айткан Эрдоган: «Сиз берген убадаңызда турбай жатасыз, сиздин жаман жүзүңүз бул. Эрдоган бул жаман жүзүңүздү ортого чыгарганы үчүн акылдан адашуудасыз»,-деди.

Эрдоган Европа Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкердин, «Эгер артка кайтарып алуу келишими бузулса, президент Эрдоган түрк калкына эмне үчүн Европага визасыз саякат кыла албагандарын да ачыктап бериши керек»,деген сөздөрүн сынга алды.

Эрдоган: «Эй төрага, сен түрк улутун тааныган жоксун. Бул улут ал жактан келе турган виза экен, артка кайтарып алуу экен деген нерселерге кептелип калган жери жок. Чындыгында сиз Түркияны ээрчип баратасыздар»,-деди.

ЕБ менен сүйлөшүүлөрдүн элдик добушка салына ала турганынын белгисин берген Эрдоган: «Эй Европа Биримдиги, сиз бизди элибиз мусулман болгону үчүн кабыл албай жатасыз. Мунун карама-каршы экенин тана албайсыз. ЕБ, бизге берген убадасын орундатпастан визасыз режим боюнча даттанып жатса, биз аны элден сурайбыз. ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү улантабызбы же токтотобузбу? Улут эмне десе биз ошону орундатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар