Армян долбоору (2-бөлүм)

Тарыхый чындыктар эмнелер?

515468
Армян долбоору (2-бөлүм)

Суроо: Өзүңүз айткандай теманы изилдеш үчүн 10 жылдан ашуун аракет кылдыңыз. Сиздин бул темага көз карашыңыз кандай? Тарыхый чындыктар эмнелер?

Бир радио берүүсүнө баткыза алуу үчүн кыскача айтып берүүгө аракет кылайын. Бул боюнча Осмон империясында көп сандаган адам укуктары бузулган. Осмон империясынын мыйзамдуу мураскорлору болгон түрк коомчулугу муну билиши зарыл. Болжол менен 600-800 миң армян өлтүрүлгөндүгү айтылып жатат. Бирок мен батыштык илимпоздорго жана Германияга ошондой эле медиага да буларды айткым келет. Болжол менен ошондой эле сандагы мусулмандын өлтүрүлгөндүгүнөн эч ким сөз кылбай эле. Армяндар орус армиясы менен Кавказ өлкөлөрүндө кыргын кылышкан. Түркия жагынан караганда азери туугандары өлтүрүлгөн. Түрктөр муну көз жаздымда калтыра албайт эле. Анткени түрктөр жана азерилер тууган элдер. Бул үй-бүлөлөрдүн коңшулары, достору жана туугандары бар. Ошондой эле армяндар орустардын колдоосу менен Орусия армяндары Чыгыш Анадолудагы Түркия армяндарынын арасына аралашты. Түрктөргө каршы согуш баштай электе аларга каршы катуу кол салуулар болду. Орустардын армяндар менен бирге кылган бул кыргындары, түрктөрдүн армяндарга каршы чыгуусунан бетер эле. Жалпысынан алганда булардын геноцид эмес экенин айта алам. Анткени бул жерде Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында болгон жарандык согуш окуялары бар. Теманы кеңири карай турган болсок эки башка геноцидден сөз болууда. Армяндардын жана орустардын Чыгыш Анадолудагы мусулмандарга каршы кыргыны, ошондой эле немис офицерлеринин Осмон армиясы менен жасаган армян кыргыны. Мен жеке өзүм мунун апыртылгандыгын ойлойм. Бирок бул ой-пикирди жакташ үчүн бир кыргынды эмес эки башка кыргын болгондугун тааныш керек.

Германия ушундай мыйзамды кабыл алганына караганда өздөрүнө залака келтирген болбойбу?

Анткени алар да кылмышкерлердин өнөктөшү болуп саналат. Негизи жообум ооба. Германиянын федералдык парламенти геноцид дооматтарын айтып жатса анда бул суроону да сураш керек. Немистер бул кыргындын карызын төлөш үчүн бул жараны кантип айыктырууну ойлоп жатат? Чындыгында эң биринчи Немис парламенти Намибиядагы эрроро жана намас коомчулуктарына карай жасаган кыргынды эмне үчүн кабыл алгысы келбей жатат? деп суралышы керек болчу.  Анткени бул жердеги кыргын абдан ачык жана так. Ошондуктан ахлактык жактан таза нерсе кылуу же кылбоо сөз болбойт эле. Бул жердеги негизги максат Түркияны көрсөтүү жана жаман абалга түшүрүп, Европа Биримдиги мүчөлүгүнө тоскоол болуу. Менин оюмча Европадагы негизги ой-пикир ушул багытта.

Суроо: Анда бул абал Түркиянын Европа Биримдиги менен болгон мамилесине кандай чагылат?

Негизи бул Анкаранын жасай турган мамилесине байланыштуу. Ушул учурга чейин президент Эрдоган өтө сак мамиле кылды. Албетте каарданганын билдирди. Түрк тектүү немис эл өкүлдөрүнө карай сыноосу бул жерде терс жаңырык тапты. Бул боюнча жаңылыш которуу бар. Анткени бузук кандуу деген сөз эки мааниде түшүндүрүлөт жана жаңылыш которууга жаткын. Ал эмес айрым медиа органдары теманы ачыкка чыгарды. Эрдоган мындан тышкары өтө басырыңкы мамиле кылды. Германиядагы түрк элчисин Анкарага чакыртып алды жана немис элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Булар ташталышы керек болгон дипломатиялык кадамдар болуп саналат. Президент Эрдогандын албетте чара көрүү үчүн колунда дагы да таасирдүү жолдор бар. Мисал үчүн немис армиясы менен болгон аскердик келишим. Бул темада немис аба күчтөрүнүн Чыгыш Анадолудагы жерге жакын учуусун жоюп коюшу мүмкүн эле. Же болбосо Европа Биримдиги менен түзүлгөн баш калкалоочулар келишимин жоюп жана баш калкалоочулардын Эдирнеге чейин өтүүсүнө уруксат бербей коймок. Ушул сыяктуу темалар Анкарадагы Тышкы иштер министрлигинин үстөлүндө турган темалардын бири деп ойлоймун.



Тектеш кабарлар