Түркияда 4 өлкөнүн десанттары машыктырылды

Түркия,Азербайжан, Болгария жана Грузиянын эң тандамал аскерлеринен турган десанттык бөлүктөрү Ыспартада машыгуу өткөрдү.

509939
Түркияда 4 өлкөнүн десанттары машыктырылды

Түркия,Азербайжан, Болгария жана Грузиянын эң тандамал аскерлеринен турган десанттык бөлүктөрү, Ыспартанын Эгирдир тоо десанты окуусу жана билим берүү борбору командирлигинде 6-12-июнь күндөрүнүн арасында машыгуу өткөрдү.

«Көп улуттуу десант магышуусу-2016га» катышкан өлкөлөрдүн десанттык бөлүктөрүнүн арасында маалымат жана тажрыйба бөлүшүүнү камсыздоо, чогуу иштөө жана бирге кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү максаттаган машыгуу, шаардын ар башка жерлеринде болду.

Машыгууда бөлүктөрдүн батальон деңгээлинде өнөктөшүп жана биргелешип пландоо жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүктүрүлүшү, бөлүк деңгээлинде болсо тактикалык агым, суу үстүндөгү десанттык кыймылдар жана абадан чабуул кыймылынын техникасы жана тактикалары боюнча жол-жоболору, негиздери жана термин биримдигинин камсыздалышы максатталды.

Машыгууга; Кургактык күчтөрү командирлигинен Тоо десанттары окуусу жана билим берүү командирлиги, Кургактык-Авиация командирлигинен топтор менен Азербайжан, Болгария жана Грузиянын десанттык бөлүктөрү катышты.



Тектеш кабарлар