Түрк аба жолдору япон балдарга оюнчук таркатты
Дагы эки бала бакчага оюнчук жөнөтүлө турганы билдирилди
508292
![Түрк аба жолдору япон балдарга оюнчук таркатты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c8cb/ed90/b13c/575a9c8ea81b4.jpg?time=1718829307)
![japonya deprem çocuk.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/78f2/7a32/75b6/575a9ca016f57.jpg?time=1718829307)
Түрк аба жолдору Япониянын Кумамото аймагында 15-16-апрелде 20дан ашуун кишининин өлүмүнө себепчи болгон жер титирөөдөн жапа чеккен балдарга оюнчук белек кылды.
Түрк аба жолдорунун Осакадагы жетекчиси Жем Хасан Алдемир, Кумамотонун Минами Асо айылындагы Чойо бала бакчасындагы 98 балага оюнчук таркатты.
Алдемир айылындагы дагы эки бала бакчага оюнчук жөнөтө тургандарын белгилеп: «Биз балдардын көңүлүн көтөрө алган болсок анда бактылуубуз»,- деп айтты.