Батыштык достор террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүктү токтотсун

Ибрахим Калын, европалык достордун Түркияга террор менен күрөшүүсүндө акыл айтуунун ордуна токтоосуз колдоону камсыздашы керектигин айтты.

506951
Батыштык достор террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүктү токтотсун

Президенттин катчысы Ибрахим Калын, европалык достордун Түркияга террор менен күрөшүүсүндө акыл айтуунун ордуна токтоосуз колдоону камсыздашы керектигин айтты.

Калын, Президенттик сарайда маалымат жыйын өткөрүп күн тартипке сереп салды. Ибрахим Калын, бөлүүчү террор уюму ПКК сыяктуу уюмдардын өз каражаттары менен бутунда тура албагандарын белгилеп: «ПККнын кимдердин пешкасы/кошоматчысы болгону көрүнүп турат»,-деди.

Европадан көңүл айтуу билдирүүлөрүн жолдогон досторубузга ырахмат айтабыз деген Ибрахим Калын: «Анда эми европалык досторубуз бул ПКК террор уюмунун Европанын жалпысында канча жасалма уюмга ээ болгонун билишеби?»-деген суроо узатты.

Булар жеткирилгенде «адам укуктары», «сөз эркиндиги», «укуктун үстөмдүгү» сыяктуу жоопторду алгандарын айткан Калын, бул «эки жүздүү мамиленин, бул кош стандарттардын эми соңуна чыгарылышы керектигин белгилеп, «Америка Кошмо Штаттары да эми бул уюмдун уландылары менен кызматташпашы керек»,-деди.

Калын, Стамбулда кечээ жана Мардинде бүгүн болгон террордук кол салуулардын Түркиянын террор менен күрөшүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү сыяктуу күтүүлөрүнүн канчалык орунсуз болгонун ортого салганын билдирди.

Катчы Калын, «Түркияга террор менен күрөшүү темасында алсыздандыра турган бир канча сунуш жана акыл айтуунун ордуна, европалык досторубуздун террор менен күрөшүү темасында токтоосуз түрдө Түркияны колдошу абзел»,-деди.



Тектеш кабарлар