Президент Эрдоган Мухаммед Алинин жаназасына катышат

Бокстун легендардуу ысымы Мухаммед Али мусулмандыкты кабыл алган.

505473
Президент Эрдоган Мухаммед Алинин жаназасына катышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган бокстун легендардуу ысымы Мухаммед Алинин жаназа намазы жана түбөлүк жайына узатылышы үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кентукки штатынын Луисвилл шаарына барат.

Президенттик маалымат борборунан маалымдашкандай Эрдоган, мусулмандар жаатында эбегейсиз орду болгон Мухаммед Алинин жаназасына катышуу үчүн шаршемби түнү аттанат.

Президент Эрдоган, Мухаммед Алинин АКШдагы мусулман коомчулуктун лидерлеринен Заид Шакир тарабынан бейшемби күнү окутула турган жаназа намазында орун алат.

Президент Эрдогандын Мухаммед Али үчүн жума күнү абдан калың топтун катышуусу күтүлгөн эскерүү жана узатуу аземине катыша турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар