Түркиянын Германиядагы элчиси сүйлөшүү үчүн өлкөгө чакырылды

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу немис федералдык парламенти чыгарган чечимдин уялтуучу экендиги баса белгиленди

503223
Түркиянын Германиядагы элчиси сүйлөшүү үчүн өлкөгө чакырылды

 Германиянын федералдык парламентинде 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу долбоордун кабыл алынышынан кийин сүйлөшүү үчүн Анкарага чакырылган Түркиянын элчиси Карслыоглу өлкөгө кайтып келди.  Карслыоглу Анкарада  журналисттерге маалымат берди. «Парламент сезимталдуу чечим чыгарды. Биз сезимдерибиз менен эмес акылыбыз менен кыймыл кылабыз. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Бирок чечим мурунтадан чыгарылган болчу. Германия менен болгон достугубуз улантылат»,- деди ал.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу немис федералдык парламенти чыгарган чечимдин уялтуучу экендиги баса белгиленди.

«Осмондук армяндарынын кайгыларын бөлүшүүгө аракет кылган, армян маданиятына ээ чыккан жана эки коңшу калктын ортосунда  макулдашуу жолдорун ачуу үчүн маанилүү кадамдарды таштаган Түркиянын немис федералдык парламентинен үйрөнө турган эч нерсеси жок»,- деп билдирилди маалыматта.

Түркия Парламентинде да Германия федералдык парламентинде  1915 -  жылдагы окуялар боюнча чечим долбоорунун бекитилиши тууралуу Адилеттик жана Өнүгүү партиясы, Республикалык Элдик партиясы менен Улуттук Кыймыл партиясы кол койгон билдирүү окулду.

Бир тараптан Германия федералдык парламентиндеги добуш берүүгө катышпаган канцлер Ангела Меркель НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен премьер – министрликте сүйлөшкөндөн кийин маалымат берди. «Германия менен Түркияны бир бири менен байланыштырган бир топ нерсе бар. Кээ бир темаларда ар башка көз караштарда болсок да карым – катнаштарыбыз улантылат»,- деди канцлер Меркель. Айрыкча Германияда үч миллион түрк тектүү кишинин жашап жаткандыгын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар