Эл аралык күчтөр террорго колдоо көрсөтүүсүн токтотсун

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан операцияларды бир телеканалдын түз эфир программасында талкуулады.

502873
Эл аралык күчтөр террорго колдоо көрсөтүүсүн токтотсун

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Эш Шейх Якуп жана Яхмул  аймактарында белгиленген террор уюму ДЕАШка таандык буталарга карай операция жүргүзүп, 5 террорист жок кылынды.

«Фыртына» пушкалары жана «Сакария» көп түтүктүү ракета аткыч батареялар менен болгон операцияларда, уюмдун ок-дары сактоочу жай катары колдонгон бир имаратынын таш талканы чыгарылды.

Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында террор уюму ПККнын буталарына карай абадан кыймылда болсо бөлүүчү террор уюму ПККга таандык 7 бута жер менен жексен болду.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан операцияларды бир телеканалдын түз эфир программасында талкуулады.

Террор менен күрөшүү операциялары аркылуу террор уюму ПККнын туруштугунун сынуу чегине жеткенин айткан Куртулмуш, 22-июлдан кийин террордун бир канча эл аралык күчтөр тарабынан көкүтүлгөнүн белгилеп кетти.

Террордун эл аралык колдоо менен бутунда тура алганын баса белгилеген Куртулмуш: «Эл аралык күчтөр, бул террор уюмдарынын аркасындагы тылдык, чалгындоо, курал, экономикалык жана саясий колдоолорун тез арада тартсын эч бир террор уюму аман калбайт»,-деди.

Террор менен күрөшүүдө ар башка бөлүмдөрдүн жогорку координация жана чоң чечкиндүүлүк көрсөткөндөрүн белгилеген Нуман Куртулмуш: «Аймактагы күрт туугандарыбыздын террор уюумна колдоо көрсөтпөөсү жана Түркиянын «бул интриганы көрдүк, көрүп жатабыз» деп айтып эл аралык аренада жогорку жетекчилик тарабынан бул интриганы көргөнүн сөз кылышы террор уюму ПККда сынуучу чекит болду», деген серебин салды.



Тектеш кабарлар