Президент Эрдоган Мрекель менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган сүйлөшүүдө добуш бериле турган 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу долбоор тууралуу санааларын билдирди

501943
Президент Эрдоган Мрекель менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Гермниянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда Эрдоган сүйлөшүүдө Германиянын федералдык парламентинде 2 -  июнь бейшемби күнү добуш бериле турган 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу долбоор тууралуу санааларын билдирди.

Эрдоган менен Меркель сүйлөшүүдө Кайра кабыл алуу келишими жана түрк жарандарына Шенген аймагында виза эркиндиги тууралуу тийиштүү мекемелердин арасындагы сүйлөшүүлөрдүн улантылуусунун маанисин да белгилешти.

Бир тараптан президент Эрдоган темага Африка сапарынан мурда Аднан Мендерес аэропортунда өткөргөн пресс – жыйынында да баа берди. Эрдоган : «Германия менен ортобуздагы карым – катнаштар абдан жакшы деңгээлде. Эгерде мындай оюндун ичине кире турган болсо эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштар бузулат. Булардын баары ойлонулса керек деп ойлоймун. Чыгарылбаган чечим тууралуу баа берүүнү туура деп эсептебейм. Бир чечим чыгарылат андан кийин баа берилет. Мунун эл аралык укукта бизди баш ийдире турган жагы жок»,- деди.

Ошол эле учурда премьер - министр Бинали Йылдырым Германия парламентинде эртең добуш бериле турган 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу долбоордун кабыл алынышы менен бул өлкө менен карым - катнаштардын бузуларын айтты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар