Орусия менен мамилени биз да оңдогубуз келет

Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путиндин бир (орус) учкучтун (чек араны бузуу) катасынын айынан Түркияны садага чабышынын ойлондуруучу болгонун айтты.

501750
Орусия менен мамилени биз да оңдогубуз келет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путиндин бир (орус) учкучтун (чек араны бузуу) катасынын айынан Түркияны садага чабышынын ойлондуруучу болгонун айтты.

Президент Эрдоган 3 күнгө созула турган Африка сапарынын алдында «Аднан Мендерес» атындагы аэропорто маалымат жыйын өткөрдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин, «карым-катнаштарды оңдогусу келгенин бирок биринчи кадамдын Түркиядан ташталышы керектиги» жөнүндө маалымат берген эле.

Ушул маалымат боюнча Түркия-Орусия карым-катнаштарына токтолгон Эрдоган: «Бизден кандай кадам ташталышы күтүлүп жатканын түшүнгөн жокмун. Биз Түркия катары күнөөкөр орундугунда олтурган жерибиз жок. Орусия менен карым-катнаштарды бузууну каалаган да биз эмеспиз. Ал эмес урматтуу Путин менен биздин мамилебиз абдан жакшы болуп турган маалда, эки жакшы дос болуп турганда ушундай абалга түшүү же бир учкучтун катасынын айынан же бир жаңылыштыктын себебинен бакыйып турган Түркияны садага чабышы чындап эле ойлондурат. Биз бул жерде Орусия менен алакаларды кайрадан өнүктүрүүнүн аракетинде болушубуз керек деп ойлойм. Бул кыйынчылыктар ашылып өтүп Түркия менен Орусиянын акыркы 10 жылда таштаган кадамдары кайрадан жанданат деп ойлойм»,-деди.



Тектеш кабарлар