Эрдоган саммитке келген лидерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Эрдоган Стамбулдагы Дүйнөлүк адамзат саммитинде «террор менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз» деп кесе айтты.

496544
Эрдоган саммитке келген лидерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Дүйнөлүк адамзат саммитинде «террор менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз» деп кесе айтты.

Саммиттин алкагында президент Эрдоган, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана Германиянын канцлери Ангела Меркель баштаган бир топ лидерлер менен өз алдынча жолугушуу өткөрдү.

Эрдогандын эки тараптуу маанилүү жолугушууларында Сирия маселеси, террор менен күрөшүү, качкындардын трагедиясы, Түркия менен Европа Биримдигинин иш-аракет планы сыяктуу темалар каралды.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Эрдоган менен эки тараптуу жолугушуусунда Түркияга ыраазычылык билдирип, Нью-Йорктун тышындагы БУУнун эң ири саммити Стамбулда уюштурулганына көңүл бурду.

Сирия темасында президент Эрдоган, террордон тазаланган коопсуз аймак түзүүнүн маанисин эске салды. Пан Ги Мун да Женева жолугушууларынан натыйжа алыш үчүн ок атпоонун корголушу керектигин белгиледи.

Президент Эрдоган эки тараптуу жолугушууларда Түркиянын террор менен күрөшүүсүндө кандайдыр бир баш тартуунун болбой турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусунда визасыз режимдин алкагында террор менен күрөшүү темасында Түркиянын сезимталдыктарын жана алдыңкы пландарын да эске ала турган кеңири талкуулоо үчүн Европа Биримдигинин мекемелери менен жолугушуулардын жүргүзүлүшү темасында макулдашылды.

Меркель, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы Иш-аракет планынын жемиштерин бере баштаганын белгилеп, мыйзамсыз өтүүлөрдө азаюу көрүнгөнүн жана бул темада кызматташуунун уланышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар