65-Өкмөт түзүлүүдө...
Йылдырымдын президент Эрдогандын бекитүүсүн алгандан кийин 65-Өкмөттүн тизмесин жарыялоосу күтүлүүдө.
496413
![65-Өкмөт түзүлүүдө...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1b68/760e/60dc/5743d2fa85e81.jpg?time=1718520187)
Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөттү түзүү боюнча милдеттендирген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Бинали Йылдырым, түн ортосуна чейин АК Партиянын башкы борборунда иштерин улантты.
Президент Эрдоган Стамбулдан Анкарага кайткандан кийин Бинали Йылдырымды Президенттик комплексинде кабыл алды.
Эрдоган-Йылдырым жолугушуусу түнкү 1:25те башталып 2 сааттай уланды. Жолугушуудан кийин Йылдырым Президенттик комплекстен кетти. Бинали Йылдырым бүгүн саат 10:30да дагы бир жолу Президенттик комплекске барат.
Йылдырымдын президент Эрдогандын бекитүүсүн алгандан кийин 65-Өкмөттүн тизмесин жарыялоосу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718520187)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.