Дүйнөлүк адамзат саммити Стамбулда өтүүдө

Эрдоган: «Адамзаттын тагдырын 5 өлкөнүн саясий кызыкчылыктарына жумшап коюу, акылга да, абийирге да, укукка да сыйбайт»

496366
Дүйнөлүк адамзат саммити Стамбулда өтүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган чечкиндүү, ылдам, ачык жана жоопкерчилик принциби менен иштеген Коопсуздук кеңешине муктаждык болгонун белгиледи.

Эрдоган: «Биз ар бир мүмкүнчүлүктө бул маселеге басым жасоодобуз жана дүйнө 5тен чоң деп жатабыз. Адамзаттын тагдырын 5 өлкөнүн саясий кызыкчылыктарына жумшап коюу, акылга да, абийирге да, укукка да сыйбайт»,-деди.

Эрдоган Стамбулда өткөн БУУнун Дүйнөлүк адамзат саммитинин «Кагылышууларга бөгөт коюу жана токтотуу үчүн саясий лидерлик» темалуу 1-жогорку деңгээлдеги тегерек үстөл жыйналышында сөз сүйлөдү.

БУУнун мындан 70 жыл мурда курулгандагы негизги максатынын, адамзатты өлүмгө, кыйроого жана аз өнүгүүгө түрткөн кагылышууларга бөгөт болуу болгонун сөз кылган Эрдоган: «Ал эми 70 жылдык тарыхты карасак БУУнун эң чоң ийгиликсиздигин да бул темада көрсөтүп жатканын көрүүдөбүз. Мында баарыбыздын тең, эң көп БУУнун коопсуздук кеңешинин жоопкерчилиги жатат. 6 жылдан бери уланган Сирия кризисинде муну абдан так түрдө көрдүк. Вето укугун убак-убагы менен жоопкерчиликсиз түрдө колдонуп, тилекке каршы кризистерге жана кагылышууларга ыкчам түрдө бөгөт коюуга тоскоол болууда. Мунун чыгымын болсо балдар, аялдар, жарандардан баштап бүткүл дүйнө жаны менен төлөп жатат. Бул темада ар ким колун бооруна коюп ойлонуусу жана керектүү кадамдарды таштоосу шарт»,-деп айтты.

Президент Саммиттин ачылышында да сөз сүйлөдү.

Анда кайгыруунун түсү, теги, дини, тили болбогонун абдан жакшы билген Түркия, бүгүнкү күндө 140тан ашуун өлкөгө гуманитардык жардамдары жеткирүүдө жана өнүгүүгө карай миңдеген долбоорду ишке ашырууда экенин айтты.

Түркиянын сириялык жана ирактык 3 миллиондон ашуун баш калкалоочуну багып жатканын эске салган Эрдоган: «Чоң сыймыктануу менен айтамын, бул көч, бул баш калкалоо процесси уланып жатканда да баррель бомбаларынан качкан, чоң коркунучка туш болгон кааласа сириялык, кааласа  ирактык, ким болсо болсун каалгабызды эч качан адамдарга, адамзатка жаппайбыз»,-деди.

Дүйнөлүк адамзат саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да өзүнөн мурда сөз сүйлөгөн Уганда жана Сирия баш калкалоочуларынын татаал шарттар астындагы ийгилик аңгемелеринен абдан таасир алганын белгиледи.

Бул кишилердин кылган иштери жана чечкиндүү туруштары өзүн аябай толкундантканын айткан Пан, ушул алкакта алгач ирет уюштурулган саммитке Түркия баштаган колдоо көрсөткөн өлкөлөр үчүн ырахматын айтты.

Пан: «Айрым адамдар үчүн акча, мансап, күч абдан маанилүү болушу мүмкүн, бирок биз бул жерде адилеттикти, үмүттү, орток келечектин архитектруасын өкүлдүк кылуудабыз. Биз жалгыз адамзатпыз жана орток жоопкерчиликтерди бөлүшөбүз. Жалгыз гана адамдарды аман алып калыш үчүн эмес, ошол эле учурда аларга сыймыктуу жашоо тартуулоо үчүн тез арада иш-аракетке өтүшүбүз абзел»,-деди.

Стамбулдагы Конгресс борборунун «Харбие» залындагы аземге  БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен катар 60 чакты мамлекет жана өкмөт башчылары, минстрлер жана өкүлдөр катышууда.

Америкалык атактуу оюнчу Форест Уитакер алып барган ачылыш аземинде, дүйнөдөгү адамзат трагедияларын камтыган видео слайттар көрсөтүлдү.

Эртең менен болгон лидерлер отурумунда да президент Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бир-бирден салам берүү сөзүн сүйлөштү.

Таңкы тамактуу жыйынга 60 чакты мамлекет жана өкмөт башчылар катышты.

Катышуучулар андан соң үй-бүлө фотосүрөттөрүнө түшүштү.

Саммитте глобалдык лидерлердин «Адамзат күн тартиби» документин дагы алга жылдыруу үчүн көз караштарын жарыя кыла турган отурумдар өткөрүлөт, дүйнөнүн адамзат кризистерине туш болгон маселелерге карата лидерлердин күчтүү убадаларын ала турган жогорку деңгээлдеги тегерек үстөл жыйындары да өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк адамзат саммитинде 7 тегерек үстөл жыйналышы, 15 атайын отурум жана 120 кошумча иш-чаралар өткөрүлөт. Гуманитардык жардам стратегиялары жана өзгөчө кырдаалдарга карата таасирдүү саясаттардын белгилениши максатталган саммитте, Түркия катышуучу өлкөлөр менен тез жардам жана гуманитардык жардам темаларындагы тажрыйбаларын бөлүшөт.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да катышууда.



Тектеш кабарлар